Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2009-жылдын 25-апрели №255

"Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: "Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жактырылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Премьер-министри

И.Чудинов

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын

25-апрелиндеги №255

токтому менен жактырылган

"Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары К.Исабеков тарабынан демилге кылынган "Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү белгилейт:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесинин 1-пунктуна жана 4-беренесинин 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын азыркы чегара алкагындагы аймагы кол тийгис жана бөлүнгүс, жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат, алар Кыргызстандын элинин жашоо-тиричилигинин жана иш аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекет тарабынан өзгөчө кайтарылууда турат.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен "Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 1-беренеси менен сунушталган "Кумтөр" кенин улутташтыруу мүмкүн эмес, анткени ал мамлекеттик менчик болуп саналат.

2. Мыйзам долбоорунун 2-беренеси менен "Кумтөр аянтын" (8.12.2005-жылдагы Аи-79-97) геологиялык жактан изилдөөгө жана "Түштүк-Батыш" (22.06.2005-жылдагы 147АЕ) жана "Сарытөр" (30.11.2007-жылдагы 1521АЕ) участогун иштетүүгө лицензияларды жокко чыгаруу сунушталган.

Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2008-жылдын 26-августундагы чечими менен "Кумтөр" долбоорун реструктуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 31-декабрындагы N 835 токтомун жоюу жөнүндө К.Исабековдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карата доо арызы канааттандырылган эмес.