Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 6-майы № 276
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-сентябрындагы N 564 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-сентябрындагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-октябрындагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Кинематография боюнча департаментти түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин кызматкерлеринин сандык чеги (тейлөөчү персоналдан башкасы) 762 адам санында белгиленсин, анын ичинде борбордук аппарат - 53 адам; шаарлардын жана райондордун маданият жана маалымат башкармалары, бөлүмдөрү 191; Кинематография боюнча департамент - 11; Мамлекеттик архив агенттиги - 507 (анын ичинде Мамлекеттик архив агенттигинин борбордук аппараты - 23; архивдик мекемелер - 100; архивдик мекемелердин аймактык структуралары - 384).
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-сентябрындагы N 564 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-сентябрындагы № 438 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майындагы № 276 токтому менен бекитилген |