Редакцияот 24.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 2018-жылдын 24-февралы № 2207-VI

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына мүчөлөрдү бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 9-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 124-беренесинин 6-1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына төмөнкүлөр бекитилсин:

Бекешов Тыныбек Рахманбердиевич;

Муратбекова Салтанат Муратбековна;

Базарбай уулу Эрлан.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Д. Джумабеков