Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2025-жылдын 10-сентябрындагы № 73
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
2020-жылдын 4-февралы № 32
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы № 16 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентин күчүнө кирген 2019-жылдын 5-ноябрындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы № 16 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 20-берене "адилеттүүлүк" деген сөздөн кийин ", калыстык" деген сөз менен толукталсын;
- 25-берененин биринчи жана экинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;
- 32-берененин экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 33-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33-берене.
Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы, Төраганын орун басары добуш берүүдө бир добушка ээ.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына катышуу менен гана каралып жаткан маселелер боюнча добуш берет.
Жыйналышка катышып жаткан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү добуш берүүдө арсар болууга укуксуз.
Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алган чечим боюнча өзгөчө пикири бар Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу, ал Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан каралышы, протоколдо чагылдырылышы жана ага тиркелиши керек.