Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 20-августундагы № 64 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы № 33
"Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун (ЫЧКТ) ишмердүүлүгүнүн тартиби жөнүндө" жобо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин 4-пунктун, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 4-пунктун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун ишмердүүлүгүнүн тартиби жөнүндө" жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
КР Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 20-августундагы № 64 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 4-февралындагы № 33 токтомуна тиркеме Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) ишинин тартиби жөнүндө ЖОБО 1. Жалпы Жоболор 1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун иш тартибин аныктайт. 2. Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобу шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жана жарандарды көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымдоого ыкчам чара көрүү максатында шайлоолорду даярдоо жана өткөрүүдө түзүлөт. 3. Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобу өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, "Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат. 4. Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобу өз ишин мыйзамдуулук, ачык жана айкындуулук принциптеринде жүзөгө ашырат. 2. Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобун түзүүнүн тартиби 5. Кыргыз Республикасынын шайлоолорун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссияларынын чечимдери менен Борбордук шайлоо комиссиясынын, аймактык шайлоо комиссияларынын деңгээлинде ыкчам чара көрүүнүн координациялык топтору түзүлөт, алардын курамына тиешелүүлүгүнө жараша Борбордук шайлоо комиссиясынын, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери, прокуратура органдарынын, ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тиешелүү деңгээлдеги органдарынын (укук коргоо органдарынын) өкүлдөрү кирет. 6. Укук коргоо органдары Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясынын жана/же аймактык шайлоо комиссияларынын суроо-талабы боюнча ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун курамына киргизүү үчүн өз өкүлдөрүнүн маалыматтарын шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 5 календардык күнүнөн кечиктирбестен жөнөтүшөт. Мында топтордун курамына тиешелүү деңгээлдердеги (борбордук, областтык, райондук, шаардык) органдардын жетекчилери, ошондой эле жумушчу тартибинде өз ара аракеттенүү үчүн башка кызматкерлер да кирүүгө тийиш. 3. Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун милдеттери 7. Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобу төмөнкүдөй милдеттерди жүзөгө ашырат: - шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча берилген билдирүүлөрдү жана маалыматтарды кабыл алуу жана алмашуу жаатында шайлоо комиссияларынын жана укук коргоо органдарынын биргелешкен аракеттенүүлөрүн жүзөгө ашырууну жана координациялоону; |