Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 1-ноябрындагы N 129 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
2020-жылдын 25-июлу № 140
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 38 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ченемдик укуктук актыларын шайкеш келтирүү жана гармонизациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 38 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Жобонун мамлекеттик тилдеги редакциясында 20-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтүүдө;";
- 21-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мындай арыздарды УШК токтоосуз түрдө тийиштүү чараларды көрүүсү үчүн АШКдагы БШКнын тийиштүү тутумдук администраторуна берет.";
- 21-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Шайлоочу ошондой эле "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу арыздарды электрондук форматта берүүгө укуктуу. Арызды электрондук форматта берүү тартиби өзүнчө жобо менен аныкталат.";
- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Шайлоочулардын тизмесинде шайлоочу жок болуп калган учурда УШКнын мүчөсү шайлоочуну "Тизме" мамлекеттик порталы аркылуу издейт.
Эгерде шайлоочу шайлоо участокко тиешеси жок болсо, анда УШКнын мүчөсү БШКнын тийиштүү АШКдагы тутумдук администратору менен биргеликте шайлоочуга шайлоо процессинде колдонуучу маалыматтык тутумдардын жана маалыматтар базаларынын негизинде паспортундагы белгисине ылайык шайлоо участогун аныктоого жардам берет.