Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 12-мартындагы № 283-VIII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

2012-жылдын 30-майы N 1942-V

Кыргыз Республикасында элдик мыйзам чыгаруу демилгесин жүзөгө ашыруу үчүн кол коюу барагынын формасын аныктоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында элдик мыйзам чыгаруу демилгесин жүзөгө ашыруу үчүн кол коюу барагынын формасы аныкталсын (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

кол коюу барагынын формасын толтуруунун, кол коюу барагындагы шайлоочулардын койгон колдорун ырастаган демилге тобунун мүчөсүнүн койгон колун ырастоонун тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыны 2012-жылдын 1-сентябрына чейин иштеп чыксын жана бекитсин;

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Э.Ж.Алымбеков) жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

А.Жээнбеков

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 30-майындагы N 1942-V токтомуна тиркеме

КОЛ КОЮУ БАРАГЫ

Демилге тобун каттоо жөнүндө күбөлүктүн номери

Каттоо датасы

Каттоо жөнүндө күбөлүк берген органдын аталышы

 

 

 

Биз, төмөндө кол койгондор, "___________" газетасынын 20__-жылдын "__"_________ N ___ жарыяланган (ЖМКнын аталышы, чыгуу датасы жана номери)

_______________________________________________________________________