Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 10-октябрындагы № 4108-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 17-июну № 3874-VI

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр аныкталсын:

Боронов Кубатбек Айылчиевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна;

Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызмат ордуна;

Асрандиев Эркин Шамшудинович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;

Исмаилова Аида Жекшенбаевна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;

Мадумаров Акрам Камбаралиевич - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;

Темиралиев Таалайбек Асанбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин - Кыргыз Республикасынын министринин кызмат ордуна;

Мукамбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызмат ордуна;

Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна - Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызмат ордуна;

Чодуев Эркинбек Ураиымович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызмат ордуна;

Бейшенов Жанат Саматович - Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министринин кызмат ордуна;

Джаманкулов Марат Тургунбаевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна;

Айдарбеков Чингиз Азаматович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызмат ордуна;

Жунушалиев Кашкар Астаканович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна;

Аскаров Замирбек Марипбаевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна;

Абдикаримов Сабиржан Токтосунович - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна;

Жаманкулов Азамат Капарович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызмат ордуна;

Исаков Каныбек Абдуваситович - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна;

Кочкоров Улукбек Тойчубаевич - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна;

Осмонбетов Эмиль Кубатович - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна;

Исмаилов Алтынбек Джапарович - Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы;

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерлер дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине көрсөтүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI;

"2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2018-жылдын 19-сентябрындагы № 2578-VI;

"2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2018-жылдын 19-сентябрындагы № 2579-VI;

"2018-жылдын 20-апрелиндеги 2379-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2018-жылдын 19-сентябрындагы № 2580-VI;

"2018-жылдын 20-апрелиндеги 2379-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2634-VI;

"2018-жылдын 20-апрелиндеги 2379-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2018-жылдын 25-октябрындагы № 2648-VI;

"2018-жылдын 20-апрелиндеги 2379-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2018-жылдын 25-октябрындагы № 2649-VI;

"2018-жылдын 20-апрелиндеги 2379-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2018-жылдын 12-декабрындагы № 2755-VI;

"2018-жылдын 20-апрелиндеги 2379-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2019-жылдын 24-январындагы № 2853-VI;

"2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2019-жылдын 29-майындагы № 3074-VI;

''2018-жылдын 20-апрелиндеги 2379-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө"' Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2019-жылдын 29-майындагы № 3075-VI;

"2018-жылдын 20-апрелиндеги 2379-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2019-жылдын 29-майындагы № 3076-VI;

"2018-жылдын 20-апрелиндеги 2379-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2019-жылдын 29-майындагы № 3077-VI;

''2018-жылдын 20-апрелиндеги 2379-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 3224-VI;

"2018-жылдын 20-апрелиндеги 2379-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2020-жылдын 5-февралындагы № 3519-VI;

"2018-жылдын 20-апрелиндеги 2379-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2020-жылдын 5-февралындагы № 3520-VI;

"2018-жылдын 20-апрелиндеги 2379-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2020-жылдын 12-февралындагы № 3541-VI;

''2018-жылдын 20-апрелиндеги 2379-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2020-жылдын 1-апрелиндеги № 3663-VI;

''2018-жылдын 20-апрелиндеги 2379-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2020-жылдын 1-апрелиндеги № 3664-VI.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков