ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 11-мартындагы № 4462-VI «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2021-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерлерин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 11.03.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 11-марты № 4462-VI

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2021-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерлерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2021-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын талапкерлигин киргизсин:

О.А.Алыбаев - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

Н.И.Арзыбаев - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;

А.К.Бешимбаева - "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынан;

А.У.Жапаров - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;

А.Т.Мамашова - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан;

А.Ш.Осмонова - "КСДП" парламенттик фракциясынан;

- тендердик комиссиянын иштөөсү үчүн белгиленген тартипте талаптагыдай шарттарды камсыз кылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Т.Мамытов