Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 342-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 24-марты № 4477-VI

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 29-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 29-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктунда:

үчүнчү абзацында “М.И. Бакиров” деген сөздөр “Н.О. Сыдыгалиев” деген сөздөргө алмаштырылсын;

бешинчи абзацында “С.К. Ибраев” деген сөздөр “А.А. Сабырбеков” деген сөздөргө алмаштырылсын;

жетинчи абзацында “М.М. Матазимов” деген сөздөр “Э.М. Сыдыков” деген сөздөргө алмаштырылсын;

сегизинчи абзацында “А.А. Акматова” деген сөздөр “Б.М. Мамытов” деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Т.Т. Мамытов