Редакцияот 04.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 4-январы № 2168-VI

"Электр станциялары" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорунун 2017-2018-жылдары төлөөгө жаткан бюджеттик кредиттер боюнча карыздарын реструктуризациялоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорунун 2017-2018-жылдары төлөөгө жаткан бюджеттик кредиттер боюнча карыздарын реструктуризациялоого макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорунун 2017-2018-жылдары төлөөгө жаткан бюджеттик кредиттер боюнча карыздарынын сунушталган шарттарын реструктуризациялоону жана шарттарын өзгөртүүнү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 532 тескемесинин 1-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларына ылайык ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирсин.

3. Республиканын калкын электр энергиясы менен камсыздоо маселелери боюнча "Өкмөттүк күн" өткөрүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине тапшырылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков