КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 6-октябры № 4897-VI
“2021-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2019-жылдын 13-сентябрындагы “Кербен шаарында суу менен камсыздоо жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууга № 1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2021-жылдын 5-июлундагы чыг. № 27-3683) “2021-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2019-жылдын 13-сентябрындагы “Кербен шаарында суу менен камсыздоо жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууга № 1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | Т.Т. Мамытов |