Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 20-октябрындагы № 549-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 2-марты № 97-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А.Айдарбековду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А.Айдарбеков Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлансын.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 12-январындагы № 14-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Айдарбеков Чингиз Азаматович - "Альянс" парламенттик фракциясынан, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгына;".

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 Төрага

Т.Т. Мамытов