ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 339-VII «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (»Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө«,»Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө«Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому

Редакцияот 16.06.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 16-июну № 339-VII

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 18-февралындагы № 89 токтом) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага

Т.Т.Мамытов