Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
2018-жылдын 10-январы ПЖ № 2
Кыргыз Республикасын стратегиялык өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү максаттарына жетишүү биринчи кезекте бүтүндөй өлкөнүн аймагында жарандардын жашоо-турмушун жакшыртуу менен тыгыз байланышкан.
Соңку жылдары Кыргызстанда региондордун дараметин арттыруу, айрыкча тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүү жаатында олуттуу чаралар көрүлдү. Автожолдор, электр тармактары, билим берүү мекемелери курулуп жана реконструкцияланып жатат. Региондордо колдонууга берилген алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн жаңы объекттеринин саны өсүүдө. Ар бир айылды таза суу менен камсыз кылуу милдети коюлду. Калктын маалымат алуусу, анын ичинде санариптик телекөрсөтүү жана интернет аркылуу да жакшыртылды. Санариптик технологиялардын жардамы менен жер-жерлерде мамлекеттик органдар тарабынан кызмат көрсөтүү боюнча алгачкы кадамдар жасалды.
Ар бир региондун өзгөчөлүгүн эске алуу менен аймактык адистештирүү башталды. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган 2018-2022-жылдарда региондорду өнүктүрүү саясатынын концепциясы Кыргызстандын пилоттук шаарларынын базасында өсүүнүн 20 таяныч борборун түзүүгө багытталган. Айыл чарба өндүрүүчүлөр, кайра иштетүү өнөр жайы үчүн каржылоо жакшыртылды жана жеңилдиктер сакталды. 2017-2026-жылдар мезгилине ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы бекитилди.
Ошол эле учурда бир катар факторлордон улам белгиленген программалар жетишерлик көлөмдө ишке ашкан жок. Региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн чаралары азыркы убакта системалуу боло элек. Өнүктүрүү программаларынын көпчүлүгү сектордук мүнөздө, көп учурда жергиликтүү өзгөчөлүк эске алынбайт. Калктуу конуштардын жана башка аймактык бирдиктердин инфраструктурасын пландаштыруунун жана өнүктүрүүнүн заманбап стандарттары бекитилген эмес. Мамлекеттик бийликтин борбордук органдары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы эриш-аркак байланыш системасы түзүлө элек.
Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү өнүктүрүүгө системалуу мамиле жасап, бул жаатта бирдиктүү жалпы мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн олуттуу, анын ичинде мыйзамдык жаңы чечимдерди кабыл алуу зарыл.
Бюджеттик, кредиттик жана гранттык жардамдарды бөлүштүрүүдө региондук дисбалансты жараткан субъективдүү мамилени жоюу керек. Аймактык пландаштыруунун критерийлерин жана стандарттарын жаңылоо калктын жыштыгын, ар бир айылдын, райондун, облустун географиялык өзгөчөлүктөрүн эске алууга мүмкүндүк берет. Региондордогу жаңылануулар элдин бакубат жашоого, анын ичинде сапаттуу билим алууга, тарбияга, чыгармачылыкка, искусствого жана спортко болгон муктаждыгын эске алышы керек.
Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү региондордун экономикасын чыңдоодо зор мааниге ээ. Инвестициялык кеңири мүмкүнчүлүктөр жаңы жумуш орундарын түзөт, ички жана тышкы миграция процесстерин азайтат.
Мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу системасын региондук жана жергиликтүү деңгээлде кайра карап чыгуу зарыл. Эгемендиктин алгачкы жылдары калыптанган борбордогу жана жер-жерлердеги бийлик органдарынын өз ара мамилелеринин практикасын терең талдап, олуттуу түзөтүүлөрдү киргизүү керек. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктарын жана дараметин күчөтүү, мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо аймактык башкаруунун горизонталын бекемдейт, бюрократияны кыскартат, жергиликтүү жамааттын бийликке болгон ишенимин арттырат.
2018-жылы региондорду өнүктүрүүдө системалуу өзгөрүүлөр үчүн негиз салуу керек. Бул өкмөттүн эле эмес, бийликтин бардык бутактарынын, жеке сектордун, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн жана активдүү күч-аракеттерин бириктирүүнү талап кылат.
Кыргыз Республикасын стратегиялык өнүктүрүүнүн милдеттерин ишке ашыруу, региондорду өнүктүрүүгө болгон мамилени системалуу өзгөртүү жана мамлекет менен коомдун күч-аракетин бириктирүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2018-жыл Кыргыз Республикасында Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялансын.