Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2018-жылдын 11-майындагы ПЖ № 118 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2017-жылдын 25-июлу ПЖ № 134

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 6-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Республиканын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 6-мартындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамында:

Комиссиянын курамынан А.Э.Усенов, У.Т.Дооталиев, К.С.Акишев чыгарылсын;

Омокеев Айбек Талгатбекович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы, Сарымсаков Манас Болотович - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, Догоев Дастан Давлетович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы киргизилсин.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

 

А. Атамбаев