Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ №408 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

2018-жылдын 7-августу ПЖ № 165

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-декабрындагы № 268 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- курамга Шыкмаматов Алмамбет Насырканович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата Мекен" фракциясынын лидери киргизилсин (макулдашуу боюнча).

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Президент

 

С. Жээнбеков