Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 223 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-июну №368
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри аталган Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Ветеринария жөнүндө
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасында ветеринариянын жалпы, укуктук, уюштуруу жана экономикалык негиздерин аныктайт.
Бул Мыйзам жаныбарлардын ден соолугун сактоого, адамдарды адам жана жаныбарлар үчүн жалпы болгон оорулардан сактоого, жаныбарлардан ветеринардык-санитардык жактан жакшы сапаттуу продуктулардын өндүрүлүшүн жана сатылышын камсыз кылууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ветеринария жагындагы мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келиш керек.
1-берене. Бул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
Ветеринария - жаныбарларды жугуштуу жана жугуштуу эмес ылаңдардан сактоо жана алардан дарылоо, жаныбарлардан жакшы сапаттуу продуктулар алынышын камсыздоо, адам жана жаныбарлар үчүн жалпы ооруларды болтурбоо боюнча мамлекеттик, коомдук, чарбалык жана атайын иш-чаралардын комплекси.
Ветеринардык медицина - жаныбарлардын ден соолугун сактоого, ооруп калган жаныбарлардын дартын аныктоого жана дарылоого, жаныбарлардын ылаңдарын аныктоого жана жоюуга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын козгогучтары киришинен корууга багытталган иштердин жыйындысы.
Ветеринардык дары каражаттар - жаныбарлардын ылаңдарын диагностикалоо, иммундук профилактикалоо жана дарылоо үчүн арналган биологиялык, өсүмдүк, химиялык, фармацевттик жана башка препараттар.
Ветеринардык кызмат көрсөтүү - ветеринар врачтар жана ветеринар техниктер көрсөтө турган дарылоочу-профилактикалык, фармацевттик, эксперттик, илим-изилдөөчү, педагогикалык жана консультациялык тейлөө.
Ветеринар врач жана ветеринар техник - ветеринария жагында ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча иштеген адистер.
Ветеринардык санитардык иш-чаралар - жаныбарлардын жугуштуу жана жугушсуз массалык ылаңдарынын чыгышын жана таркалышын болтурбоого, адам жана жаныбарлар үчүн жалпы ылаңдардан адамдарды сактоого, жаныбарлардын ылаңдарынан келүүчү зыянды болтурбоого багытталган иш-чаралардын комплекси.
Мамлекеттик ветеринардык кызмат - аткаруу бийлигинин мамлекеттик башкаруу органынын алдындагы, өз компетенциясынын чегинде эпизоотияга каршы иш-чараларды уюштуруучу жана өткөрүүчү ыйгарым укуктуу орган.
Мамлекеттик-ветеринардык санитардык көзөмөл - аткаруу бийлигинин мамлекеттик башкаруу органынын алдындагы, өз компетенциясынын чегинде ветеринария жагындагы мыйзамдардын бузулушун болтурбоо, аныктоо жана токтотуу боюнча иштерди аткаруучу ыйгарым укуктуу орган жүргүзүүчү иш-чаралардын комплекси.
Ветеринарияда ишкердик жүргүзүү - жеке адамдардын жана юридикалык жактардын жаныбарларды дарылоодогу, ветеринардык дары каражаттарды сатуудагы жана ветеринардык кызматтарды көрсөтүүдөгү экономикалык иштеринин комплекси.