Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-мартындагы № 168 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-январындагы №20 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
I. Жалпы жоболор
II. Негизги милдеттери жана функциялары
III. Ишкананын укуктары
IV. Ишкананы башкаруу
V. Мүлк жана каражаттар
VI. Эсеп, отчет жана контроль
VII. Ишкананын жоюлушу, өзгөртүп уюштурулушу
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) "Каба уулу Кожомкул атындагы спорттук-маданий борбор" мамлекеттик ишканасынын, "Башкы спорттук арена" мамлекеттик ишканасынын жана Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Кант шаары, 3-кичирайон дарегинде жайгашкан Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында түзүлгөн жана алардын укук улантуучусу болот.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Мамагенттик) буйруктарына, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына жана ушул Уставга таянат.
3. Ишкана түздөн-түз Мамагенттикке баш ийет.
4. Ишкананын эмблемасы, штампы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү болот.
5. Ишкананын расмий толук аталышы: