Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 447 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 25-июну №410
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №736 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Дүйнөлүк кризистин шартында минералдык сырьего жана андан иштеп чыгарылуучу продуктуларга баалардын өзгөрүшүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 304-беренесин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №736 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
1-пунктта:
он үчүнчү абзац алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасы;
- Лицензиялык аянттын бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасы;
- Конкурс боюнча бөлүштүрүлүүчү пайдалуу кен чыккан жерлердин тизмеси жана бонустардын өлчөмү.";
- токтом ушул токтомдун № 1-3 тиркемелерине ылайык тиркемелер менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик конкурс боюнча бөлүштүрүлүүчү пайдалуу кен чыккан жерлердин запастарына жана ресурстарына жана ушул токтомдун № 3 тиркемесине ылайык бонустардын өлчөмүнө жыл сайын оңдоолорду киргизсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы № 410 токтомуна № 1 тиркеме |
Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын ставкаларынын КЛАССИФИКАЦИЯЛЫК ТАБЛИЦАСЫ
Пайдалуу кендер
| Запастар, ресурстар | Кендердин изилденгенине, баалуулугуна жана масштабына жараша бонустун ставкалары (миң АКШ долл.) | |
|
| Өндүрүштүк өздөштүрүүгө даярдалган чалгындалган кендер (запастардын категориясы А┼В┼С1┼С2┼з/б) | Алдын ала баалоодон өткөн кендер жана пайдалуу кендердин белгилери (запастардын категориясы С2 жана болжолдуу ресурстар P1 |
1 | 2 | 3 | 4 |
Мунай (казып алынуучу запастар) | 1 млн. т
| 100
| 5,0
|
Күйүүчү газдар | 1 млн. куб.м | 0,03 | 0,002 |
Таш көмүр | 1 млн. т | 2,0 | 0,2 |
Күрөң көмүр | 1 млн. т | 1,0 | 0,1 |
Темир рудасы | 10 млн. т | 10,0 | 0,1 |
Марганец | 1 млн. т | 2,0 | 0,02 |
Алюминий (Al2O3) | 1 млн. т | 1,0 | 0,01 |
Жез, коргошун, цинк, мышьяк | 1 миң т | 1,0 | 0,01 |
Сейрек металлдар: калай, вольфрам (WO3), сурьма, сымап, молибден, бериллий (BeO), тантал (Ta2O5), ниобий (Nb2O5), ванадий (V2O5), висмут | 1 миң т
| 3,0
| 0,03
|
Сейрек кендер (ETR) | 1 миң т | 4,0 | 0,04 |
Алтын түптүү жана платиноиддер | 1 т
| 60,0
| 40,0
|
Кум түрүндөгү алтын | 1 т | 40,0 | 1,0 |
Күмүш | 1 т | 1,0 | 0,01 |
Уран | 1 миң т | 10,0 | 0,1 |
Магнетит (кум түрүндөгү) | 1 млн. т | 1,0 | 0,01 |
Цирконий (ZrO), стронций (SrO), флюорит | 1 миң т.
| 1,0
| 0,01
|
Кремний чийкизаты: - кварц - кварциттер |
1 миң т 1 млн. т |
0,3 10,0 |
0,1 2,0 |
Зергердик таштар | 1000 карат | 1,0 | 0,1 |
Зергердик-жасалгалоочу таштар | 1000 карат
| 0,2
| 0,02
|
Жасалгалоочу таштар | 1 куб.м | 0,05 | 0,01 |
Агрохимиялык чийкизат: фосфориттер апатит (P2O5), глауконит | 1 млн. т
| 10
| 0,1
|
Табигый минералдык туздар (галит, тенардит, глауберит ж.б.) | 1 млн. т
| 2,5
| 0,5
|
Фарфордук таш, волластонит | 1 млн. т
| 5,0
| 1,0
|
Цементтик чийкизат: - акиташтар, доломиттер, мергелдер - чополуу заттар (чополор, топурактар, чополуу сланецтер) - минералдык кошулмалар (гипс, глиеждер ж.б.) |
1 млн. т
1 млн. т
1 млн. т
|
1,0
0,5
0,5
|
0,2
0,1
0,1
|
Кыш жана керамзит чийкизаттары (чополор, топурактар, чополуу сланецтер, кум) | 1 млн. т
| 0,6
| 0,2
|
Кум-шагылдуу аралашмалар | 1 млн. куб.м | 5,0 | 1,0 |
Курулуш кумдары | 1 млн. куб.м | 8,0 | 0,8 |
Кварц кумдары | 1 млн. т | 10,0 | 2,0 |
Каолин, отко чыдамдуу жана бентониттик чополор | 1 млн. т
| 8,0
| 1,0
|
Аки өндүрүү үчүн акиташтар, курулуш гипси | 1 млн. т
| 1
| 0,2
|
Курулуш ташы | 1 млн. т | 1,0 | 0,1 |
Табигый беттөөчү таш | 1 млн. т | 25,0 | 5,0 |
Петролургиялык чийкизат (базальт, диабаз ж.б.) | 1 млн. т
| 10,0
| 2,0
|
Графит | 1 млн.т | 40,0 | 4,0 |
Барит | 1 млн.т | 20,0 | 2,0 |
Табигый күкүрт жана күкүрт колчеданы (S) | 1 млн. т
| 10,0
| 1,0
|
Магнезит, тальк, пирофилит | 1 миң т
| 0,1
| 0,01
|
Жер астындагы ичүүчү суулар | 1000 куб.м/ сут. | 13
| 6,5
|
Минералдык суулар | 1 куб.м/сут. | 8 | 4 |
Термалдык суулар | 1 куб.м/сут. | 8 | 4 |
Термалдык минералдык суулар | 1 куб.м/сут.
| 8
| 4
|
Эскертүү. Пайдалуу кендин запастары изилденген деңгээли боюнча A, B, C1 жана C2 категорияларына бөлүнөт. Мындан тышкары, баланстан сырткары запастар жана P1 категориясындагы божомолдуу ресурстарга бөлүнөт.