Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 9-июлу №444

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын республикалык бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерине өбөлгө түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы №551 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын республикалык бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерине өбөлгө түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- аталышында жана преамбулада:

"жана башка мамлекеттик" деген сөздөр алып салынсын;

"республикалык бюджетке" деген сөздөр "мамлекетке" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 1-пункт "каралган кылмыштарды" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле бюджеттик мекемелердеги зыяндын ордун толтурууларды, социалдык чегерүүлөрдү жана мамлекеттин үлүшү 51 проценттен ашык болгон чарбакер субъекттерди" деген сөздөр менен толукталсын;

3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"3. Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун күнөөлүү адамдар тарабынан толтурууда келип түшкөн суммалар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 204-беренесинде каралган кылмыштарды, ошондой эле бюджеттик мекемелердеги зыяндын ордун толтурууларды, социалдык чегерүүлөрдү жана мамлекеттин үлүшү 51 проценттен ашык болгон чарбакер субъекттерди кошпогондо) республикалык бюджетке толук өлчөмдө которулат.

Аталган сумма республикалык бюджетке келип түшкөндөн кийин анын 30 проценти каражаттар келип түшкөн айдагы бюджеттин киреше бөлүгүнөн укук коргоо органдарынын атайын эсептерине, бюджеттин киреше бөлүгүн 30 процентке барабар суммага кыскартуу менен которулат.".

 

Премьер-министр

И.Чудинов