Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-июнундагы УӨ №68 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2009-жылдын 15-июлу №455

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасына кант ташып кирүүгө квота белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги №221 "Кыргыз Республикасына кант ташып кирүүгө квота белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттагы "89 миң 540 тонна" деген цифралар жана сөздөр "84 миң 500 тонна" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- көрсөтүлгөн токтомдун тиркемеси бул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

И.Чудинов

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы №455 токтомуна тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 221 токтомуна тиркеме

 

 

Кант кызылчасын кайра иштетүүчү ишканалар жана кант өндүрүүдө ак кантты колдонгон ишканалар үчүн Кыргыз Республикасына ак кантты ташып кирүүгө КВОТА

 

№

ТЭИ ТН 1701 99 100 коду менен квалификацияланган, ак кантты ташып кирүү укугуна ээ болгон  ишканалардын аталышы                             

Көлөмү (тонна менен)       

 

1

"Кайыңды-Кант" ачык акционердик коому            

40000 

 

2

"Кошой" ачык акционердик коому                   

40000  

 

3

"Кока-Кола Бишкек Ботлерс" жабык акционердик коому

4500(*)        

 

 

Жыйынтыгы:                                       

84500  

 

 

 (*) Эскертүү: ташып келинген ак кант Стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча Мамлекеттер аралык кеңеш тарабынан кабыл алынган (1994-жылдын 21-октябрындагы №4 протокол) "Кантрафинад" техникалык шарттар" мамлекеттер аралык стандарттын" 22-94 ГОСТунун талаптарына ылайык келүүгө тийиш."

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр

 

Н.Айтмурзаев