Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-августундагы №492
Жергиликтүү соттордун кызматтык жайлары үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-майындагы № 216 «Кыргыз Республикасынын сотторунун ишин андан ары өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, жарандардын сот адилеттүүлүгүнө ээ болуусун камсыздоо, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторун материалдык-техникалык жабдууну жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун кызматтык жайлары үчүн тиркелген нормативдер бекитилсин.
2. Жергиликтүү соттордун имараттарын долбоорлоо жана куруу ушул токтомдо бекитилген нормативдерге ылайык жүргүзүлөөрү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Сот департаменти, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик өздөрүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 492 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун кызматтык жайлары үчүн нормативдер
Райондук (шаардык) соттордун имараттарындагы жайлардын аянты жана курамы соттун курамынын, же сот заседаниелеринин залдарынын аныкталган санынын жана арналышынын (жарандык же жазык иштерин угуу үчүн) негизинде аныкталат.
Соттордун имараттары 2ден 5 кабат бийиктикке чейин жана эреже катары жет төлө кабаты менен долбоор кылынат. Имараттагы кабаттардын саны имараттарды жайгаштыруудагы шаар куруу шарттарын эске алуу менен долбоор кылынат.
Соттун имаратынын кабатынын бийиктиги эреже катары полдон полго чейин 3,3 м түзөт. Аянты 50 м2 болгон сот заседаниелеринин залдарынын бийиктигин полдон полго чейин 3,6-4,2 м болуп каралышы мүмкүн. Кабаттын бийиктигин аныктоодо сот заседаниелеринин залдарында нормативдерде белгиленген полдун өзгөрүүлөрүнүн белгилери болууга тийиш экендиги эске алынышы керек.
Имараттын кире бериши жердин пландалган деңгээлинен 15 смден кем эмес болууга тийиш.
Ден соолугу чектелген келүүчүлөрдүн имаратка кириши үчүн нормативдик укуктук актыларда каралган эрежелердин комплексин сактоо зарыл.
Жалпы, пайдалуу жана эсептелүүчү аянттарды, курулуш көлөмүн, курулманын аянтын жана имараттын кабаттуулугун эсептөө колдонуудагы нормативдик документтерге ылайык жүргүзүү керек.
Келүүчүлөрдү тейлеген соттун кызматтары (кеңселер, архивдер ж.б.), ошондой эле келүүчүлөрдү кабыл алуу бөлмөлөрү төмөнкү кабаттарда жайгашууга тийиш.
Шаардын (шаардык райондун) аймагында сот имараттарын жайгаштыруу шаардын генералдык планына жана ушул региондо колдонулуп, бекитилген аймактык нормативдик документтерге ылайык жүргүзүлүшү керек.
Сот үчүн участоктун аймагынын өлчөмү сот имаратын жайгаштыруу божомолдонгон шаардын районунун курулушунун өзгөчөлүктөрүнүн негизинде аныкталат, мында участокту зоналаштыруу жана ар бир зонанын курулушу, имаратты анын периметри боюнча техникалык тейлөөнү жана өрт өчүрүүчү машиналардын келүүсүн камсыздоо эске алынат.
Жер участкаларынын өлчөмдөрүн колдонуудагы нормативдик документтерге ылайык, бир судья болсо объект үчүн 0,15 га жана 5 судья же андан көп болсо объект үчүн 0,4 га чегинде кабыл алуу сунушу кылынат.
Имаратты куруу аянты эреже катары участоктун аянтынын 25 процентинен кем болбоого тийиш.
Участоктун башкы планы негизги зонадан тышкары төмөнкүдөй эки функционалдык зонаны камтууга тийиш: коомдук (бөлүштүрүүчү) жана кызматтык (кызматтык короо).
Коомдук зона сот имаратынын башкы кире беришине чектешет. Аны пландоодо төмөнкүлөр каралууга тийиш: шаардык көчөгө (магистралга, өткөөлгө) чектешүүсү, коомдук транспорттун аялдамасы менен ыңгайлуу байланыш, кызматкерлердин жана келүүчүлөрдүн жеке автотранспорттору үчүн токтоочу жайлар, сот имаратына жана аймакка кресло-коляскада жүргөн майыптардын келишин камсыз кылган жөө жүргүнчүлөрдүн кеңири жана жантайма жолдору, келүүчүлөр үчүн эс алуу жерлери.
Жеке автотранспорт үчүн токтоочу жайдын өлчөмүн 5 кызматкерге бирден кем эмес орунду эсептөө аркылуу аныктоо сунуш кылынат. Келүүчүлөрдүн автомашиналары үчүн орундардын саны калктуу конушту (районду) автомобилдештирүү деңгээлине жараша белгиленет, ал эсептөө мөөнөтүнө карата аныкталат. Автотоктоочу жайдагы орундардын жалпы санынын 10 проценти майыптардын транспорт каражаттары үчүн каралууга тийиш.
Кызматтык зона (кызматтык короо) сот имаратындагы айыпкерлер үчүн атайын чыга бериш менен чектешүүгө тийиш. Анда айыпкерлерди жеткирген атайын транспорт үчүн контролго алынуучу кире бериши, кызматтык короонун аймагына бөтөн адамдардын киришине, ошондой эле кызматтык короодо болуп жаткан окуяларды көчөдөн байкоого бөгөт болгон, 2,5 м кем эмес бийиктиктеги туташ тосмо болууга тийиш.
Кызматтык зонада кызматтык автомашиналардын гаражы үчүн орундар жана таштанды жыйнаган нерсени орнотуу үчүн аянтча каралышы керек.
Автомашиналардын тиби жана саны долбоор түзүүнүн тапшырмасында белгиленет.
Таштанды жыйнаган нерсени орнотуу үчүн аянтча бетон жана асфальт менен капталып, периметри боюнча бордюр жана жасалгалоочу көчөттөр менен чектелүүгө тийиш. Ага автотранспорттун келиши үчүн ыңгайлуу өткөөл камсыз кылынышы керек.
Аянтчанын өлчөмү таштанды жыйнаган нерсенин санына жараша белгиленет, ал таштандыны жок кылуунун ушул аймакта колдонулган ыкмаларына карата кабыл алынат.
Соттордун имараттарындагы жайлар төмөнкүдөй функционалдык топторго бөлүнөт:
- кошумча жайлары бар сот заседаниелеринин залдары;
- судьялардын жумушчу жайлары;
- сот аппаратынын кызматкерлери үчүн жайлар;
- айыпкерлер жана конвой үчүн жайлар;
- жардамчы жана тейлөөчү арналыштагы жайлар.
Сот заседаниелеринин залдарынын саны судьялардын санынын негизинде аныкталат. Сот заседаниелеринин залдары арналышы боюнча жазык жана жарандык иштерди кароо үчүн залдарга бөлүнөт.
Сот заседаниелеринин залдарынын санын жана аянтын, ошондой эле ар кандай арналыштагы залдардагы келүүчүлөр үчүн орундарды 1-таблица боюнча кабыл алуу сунуш кылынат.
1-таблица
Залдардын арналышы | Залдагы орундардын саны | Аянты м2 | Сот заседаниелеринин залдарынын саны судьялардын саны боюнча, адам | ||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6-7 | 8-9 | 10-11 | 12- 13 | 14- 15 | 16-17 | |||
Жарандык иштер үчүн | 20 | 40 |
| 1 |
| 1 |
|
| 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
30 | 48 |
|
| 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 1 | 2 | 2 | |
Жазык иштери үчүн | 40 | 60 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 2 |
60 | 70 |
|
|
|
| 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 2 | |
90 | 110 |
|
|
|
|
| 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | |
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 18-апрелиндеги № 262
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 5-августундагы № 492