Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 12-августу N 517

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

 

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы N 222, 2010-жылдын 18-ноябрындагы N 278, 2012-жылдын 26-январындагы N 57, 2012-жылдын 25-сентябрындагы N 630, 2013-жылдын 3-майындагы N 226, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 190, 2017-жылдын 5-октябрындагы № 646 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 239-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга жаткан айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын (товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылгандардан бөлөк) тизмесине киргизүүгө тандап алуунун критерийлери жана тартиби;

- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 226 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-январындагы N 57, 2013-жылдын 3-майындагы N 226, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 190 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Пайдага салыктан 3 жыл мөөнөткө бошотулууга тийиш болгон (товарлардын акцизделүүчү тобун чыгарууга пайдаланылчудан башка) айыл чарба продукциясын өнөр жайлык иштетүүчү тамак аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы N 278, 2012-жылдын 25-сентябрындагы N 630 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы N 278 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтом 2009-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

Премьер-министри

И. Чудинов

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы N 517 токтому менен бекитилген

Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга жаткан айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын (товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылгандардан бөлөк) тизмесине киргизүүгө тандап алуунун КРИТЕРИЙЛЕРИ ЖАНА ТАРТИБИ

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы N 278, 2012-жылдын 26-январындагы N 57, 2012-жылдын 25-сентябрындагы N 630, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 190, 2017-жылдын 5-октябрындагы № 646 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Бул критерийлер ишканаларды Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык Пайда салыгын төлөөдөн бошотулган тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесине (мындан ары - Тизме) киргизүү үчүн иштелип чыккан.

2. Тизмеге төмөнкү критерийлерге ылайык келген айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары киргизилет:

- ишкананын иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы N 9 "Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторунун 01, 10,11, 13, 15-бөлүмдөрүнүн тийиштүү подкласстарында көрсөтүлгөн иштин түрлөрүнө ылайык келет;

- салыктык карызы жок болсо.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-январындагы N 57, 2017-жылдын 5-октябрындагы № 646 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Тизме Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет.

Тизмеге толуктоолор жылына бир жолу, өтүп жаткан жылдын 25-декабрынан кечиктирбестен киргизилет.

Тизмеге киргизилген ишканалар пайдага салыкты төлөөдөн  Тизме бекитилген жылдан кийинки жылдын 1-январынан баштап бошотулушат.

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы N 278, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 190 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

4. Ушул критерийлердин 2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген ишканалар жыл сайын 1-октябрдан 1-ноябрга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине арыз менен кайрылууга укуктуу.

Арызга төмөнкүлөр тиркелет:

- юридикалык жактар үчүн - бирдиктүү салык декларациясынын жана юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин органдарында мамлекеттик катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү, салыктык бирдиктүү салык декларациясынын катталган жери боюнча аймактык салык органынын салыктык карыздарынын жоктугу жөнүндө маалымкаты;