Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 15-августу № 534
Кыргыз Республикасынын токой секторунда укук колдонууну жана башкарууну күчөтүү боюнча чаралар планын бекитүү жөнүндө
«2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-майындагы Жарлыгы менен бекитилген 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясына, «2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын токой чарбасын өнүктүрүү иш-аракеттеринин улуттук планын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы № 693 токтому менен бекитилген 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын токой чарбасын өнүктүрүү иш-аракеттеринин улуттук планына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын токой секторунда укук колдонууну жана башкарууну күчөтүү боюнча чаралардын тиркелген планы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын токой секторунда укук колдонууну жана башкарууну күчөтүү боюнча чаралар планында каралган ишчараларды аткаруу боюнча чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-августундагы № 534 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү сыяктуу мыйзамсыз жыгач даярдоо иштеринин, мыйзамсыз жол аркылуу алынган токой продуктулары менен соода жүргүзүүнүн жана токой секторундагы коррупциянын натыйжасында келип чыккан проблемалардын жана кесепеттердин олуттуулугун толук түшүнүүдө. Бул проблемаларды чечүүнүн бирден бир жолу мыйзамдардын базасын жана токой башкаруу, токой пайдалануу жана токойдун жыгач жана жыгач эмес продуктулары менен соода жүргүзүү системасындагы укук пайдалануу практикасын өркүндөтүү болуп саналат.
Улуттук мыйзамдардын базасын өркүндөтүү жана мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн механизмдердин бири «Fоrest Law Enforcement, Government (FLEG)» эл аралык кыймылы болуп калган, ал укук пайдалануу жана токой башкаруу процессин бекемдөө боюнча бир катар өлкөлөрдүн саясий демилгесин билдирет. FLEG кыймылын түзүү жана демилге кылуу үчүн негиз болуп мыйзамсыз алынган жыгачтын дүйнөлүк токой соодасына өтүүсү менен байланышкан коррупциянын жана криминалдын кыйла өсүшү саналат. Бул кыймылдын катышуучулары улуттук жана региондук деңгээлде жарандык коомдун жана бизнестин негизги кызыкдар аракеттеги күчтөрү менен бирдикте аталган проблемалар комплексин чечүү боюнча күчтөрдү координациялоого өбөлгө түзүүчү саясий мейкиндикти түзүүгө умтулушат.
2004-жылдын башталышына карата алгач Евросоюз тарабынан демилге кылынган кыймылдын бир нече региондук бутактары болгон алар: Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн FLEG кыймылы, Африка өлкөлөрүнүн FLEG кыймылы, Амазонка бассейни өлкөлөрүнүн FLEG кыймылы жана Европа союзу өлкөлөрүнүн FLEG кыймылы. 2004-жылдын майында БУУнун Токой форумунун 4-сессиясында токой баалуулуктарын сактоо үчүн глобалдуу жоопкерчиликти моюнга алуу менен Европа жана Түндүк Азияда (ЕТА) өкмөттөр аралык процессти демилге кылуу кызыкчылыгы жөнүндө Россия билдирүү жасаган.