Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12 январындагы №5 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында көп жылдык буурчак сымал тоют чөптөрдүн үрөндөрүнүн шайкештигине баалоо жүргүзүү жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
Бул, Кыргыз Республикасында көп жылдык буурчак сымал тоют чөптөрдүн үрөндөрүнүн шайкештигине баалоо жүргүзүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын "Үрөн жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасында көп жылдык буурчак тоют чөптөрдүн бардык категориядагы үрөндөрүн өстүрүүнү нормативдик укуктук база менен камсыздоо максатында иштелип чыкты.
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобонун күчү Кыргыз Республикасында сорттук жана себүү сапаттарынын шайкештиги (мындан ары - шайкештикти баалоо) бааланууга тийиш болгон үрөндөргө карата колдонулат.
2. Ушул Жободо белгиленген талаптарга шайкештикти баалоо Кыргыз Республикасында пайдаланууга жол берилген сорттордун жана гибриддердин мамлекеттик реестрине (мындан ары - Мамлекеттик реестр) киргизилген, ошондой эле экспортко өстүрүлчү сорттордун жана гибриддердин үрөндөрүнө карата жүргүзүлүүгө тийиш.
3. Үрөндөрдү арналышы боюнча пайдалануу үчүн сапатын жана коопсуздугун ырастоочу документ болуп Эл аралык сары сертификат, Үрөндүн кондициялуулугу жөнүндө күбөлүк жана Шайкештик сертификаты эсептелет.
4. Кыргыз Республикасында көп жылдык буурчак тоют чөптөрдүн үрөндөрүнүн шайкештигине баалоону үрөндөрдү, көчөт материалын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) Кыргыз Республикасынын "Үрөн жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Жободо пайдаланылчу терминдер жана аныктамалар
Көп жылдык буурчак тоют чөптөрдүн үрөндөрү - Буурчак сымалдар (Leguminosae) тегине кирген айрым уруктардын жана түрлөрдүн үрөндөрү.
Эл аралык сары сертификат - экспорттолчу үрөндөргө берилчү сертификат.
Шайкештик сертификаты - үрөндөрдүн себүү сапаттарын күбөлөндүрүүчү документ.
Үрөндүн кондициялуулугу жөнүндө күбөлүк - касиеттери боюнча стандарттын талаптарына ылайык келген үрөндүн партиясына берилчү документ.
Инспекция - өсүмдүктөрдүн сорттук тазалыгын же типтүүлүгүн, аралашмалар менен булгангандыгын, илдеттер бар экендигин аныктоо максатында үрөндөрдүн сорттук сапаттарын аныктоо, ошондой эле гибрид үрөндөрдү өстүрүүдө технологиялык нормалардын сакталышына контроль.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
ОЕСD - Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү өлкөлөрүнүн уюму, ал 1991-жылы 15-майда ОЕСDге мүчө өлкөлөрдүн чогулушунда кабыл алынган үрөндөрдү сертификаттоо схемасын иштеп чыккан.
ISTA - Үрөндөрдү тестирлөө боюнча эл аралык ассоциация, аны 1924-жылы Үрөнчүлөр конгресси уюштурган (Кембридж, Англия).
Сорт - колдо өстүрүлчү өсүмдүктөрдүн ар бири бөлөк-бөлөк каралчу жана башка сорттордон айырмалуу, бир өңчөй жана туруктуу ботаникалык тобу.
Оригинатор - сортту жараткан жана ага патент алган селекционер же селекциялык мекеме (уюмдар).
Оригинал үрөндөр - үрөнчүлүктө оригинатор селекционер же мекеме алган ар бир конкреттүү сорттун баштапкы тукумундагы үрөндөр.
Суперэлита үрөндөр - атайын селекциялык-үрөнчүлүк жана агротехникалык ыкмаларды жана методдорду колдонуу менен оригинал үрөндөрдөн алынган үрөндөр.
Элита үрөндөр - суперэлита үрөндөрдөн атайын агротехникалык ыкмаларды пайдалануу менен алынган жана сертификатталган үрөндөрдү өстүрүү үчүн арналган үрөндөр.
Сорттук үрөндөр - Мамлекеттик реестрге киргизилген жана тийиштүү шайкештик сертификатын алган сорттордун жана гибриддердин үрөндөрү.
Пайдаланууга жол берилген сорттордун жана гибриддердин мамлекеттикреестри - расмий сыноодон кийин Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген сорттордун, гибриддердин тизмеси.
Үрөндөрдүн партиясы - үрөндөрдүн бир документ менен күбөлөндүрүлгөн тийиштүү саны.
Себүү сапаттары - үрөндөрдүн жарактуулугун мүнөздөөчү касиеттеринин жыйындысы.
Сыноого алуучу - Мамлекеттик үрөн инспекциясынын үрөндөрдүн партиясынан сапатын контролдоо үчүн сыноого алууга укуктуу расмий өкүлү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Шайкештиги бааланууга тийиш болгон сорттор
5. Шайкештигин баалоого ыйгарым укуктуу органда үч жылдык сыноодон өткөрүлгөн, конкреттүү кыртыштык-климаттык шарттарда түшүмдүүлүгү жана сапаттык касиеттери боюнча айырмаланган сорттор алынат. Алар Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддеринин реестрине киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)