Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2009-жылдын 29-декабры №823

Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн, Министрлер  Кабинетинин 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847, 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 2021-жылдын 26-августундагы №152 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы N 508 "Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө", 2009-жылдын 13-ноябрындагы N 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтом 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

5. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 

Премьер-министри

Д.Үсөнов