Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2009-жылдын 3-сентябры № 558
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- мыйзамсыз жүгүртүү администрациялык же жазыктык жоопкерчиликке дуушарлантуучу баңги каражаттардын, психотроптук заттардын, прекурсорлордун жана баңги заттуу өсүмдүктөрдүн өлчөмдөрүн аныктоонун критерийлери (№ 6 тиркеме).";
- жогоруда аталган токтомдун № 2 тиркемесиндеги Баңги заттардын № I тизмесинде:
- 56-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3 - Метилфентанил";
- 108-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"108. Көрсөтүлгөн баңги каражаттардын препараттары, эгер алар башка тизмелерге киргизилбесе.";
Баңги заттардын № II тизмесинин 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Көрсөтүлгөн баңги каражаттардын препараттары, эгер алар башка тизмелерге киргизилбесе.";
Баңги каражаттардын N IV тизмесинде: