Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-ноябры № 681
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратын кайра уюштуруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-ноябрындагы № 697, 2009-жылдын 4-декабрындагы № 736 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти аныктаган Өлкөнүн жаңылануу курсун жана мамлекеттик башкаруу системасын реформалоону ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ишин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын штаттык расписаниеси.
2. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн ортосундагы функцияларды кайра бөлүштүрсүн жана аларды жүргүзүү чөйрөсүнүн маселелерин аныктасын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду эки жумалык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине бекитүүгө киргизсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-майындагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июлундагы № 290 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 633 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-мартындагы № 103 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июлундагы № 290 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-декабрындагы № 717 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июлундагы № 290 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-майындагы № 185 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 16-апрелиндеги "Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды башкаруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 25-июлундагы № 324 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 27-ноябрындагы № 504 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 27-мартындагы № 168 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 25-декабрындагы № 487 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 3-февралындагы № 48 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 19-февралындагы № 76 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 121 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 9-июлундагы № 232 буйругу.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнөв |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Үсөнов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-ноябрындагы № 681 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-ноябрындагы № 697, 2009-жылдын 4-декабрындагы № 736 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
┌──┬───────────────────────────────────────────────────┬──────────────┐
│№ │ Түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн жана │ Штаттык │
│ │ кызматтардын аталыштары │ бирдиктердин │
│ │ │ саны │
├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│1 │Кыргыз Республикасынын Премьер-министри │ 1 │
├──┼───────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│2 │Кыргыз Республикасынын Биринчи │ 1 │