Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2009-жылдын 13-ноябры № 703

"Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу

"Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча иш-чарлардын тиркелген планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) бекитилсин.

2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине берип турушсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 185 "Жарандардын репродукциялык укуктары жана аларды ишке ашыруу гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана "2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын репродукциялык саламаттыгын сактоонун Улуттук стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Калктын репродукциялык саламаттыгын сактоо боюнча секторлор аралык координациялык кеңештин курамы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары.".

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маселелери" жөнүндө токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы кырк алтынчы абзац менен толукталсын:

"- мамлекеттик органдардын балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана пропагандалоо, балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды сатууну жана жарнама кылууну жөнгө салуу жаатындагы ишин координациялайт;".

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Үсенов