КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №127 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 4-декабры № 734
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги жөнүндө
(2010-жылдын 3-сентябрындагы №186 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар тууралуу" Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 12-июнундагы № 272 "Кыргыз Республикасынын кен казып алуу тармагын башкарууну реформалоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин укук мураскери болуп эсептелээри белгиленсин.
3. Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызмат, Жерди пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдоо боюнча жер инспекциясы, "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту, Өнөр жай коопсуздугун көзөмөлдөө жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен жерлерди геологиялык жана кендерге бөлүүнүн чегинде жаратылышты коргоо жана экологиялык мыйзамдардын сакталышын контролдоо маселелери боюнча функциялар, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинен отун ресурстары жана кен казуу өнөр жайы жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу функциялары Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин карамагына өткөрүп берилсин.
(2010-жылдын 3-сентябрындагы №186 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги эки айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин:
- төмөнкү жоболорду:
"Ирригация" мамлекеттик ишканасы жөнүндө;
Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызмат жөнүндө;
Жерди пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдоо боюнча жер инспекциясы жөнүндө;
Суу ресурстары агенттиги жөнүндө;
Өнөр жай коопсуздугун көзөмөлдөө жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө;
"Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 12-апрелиндеги "Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери" тууралуу токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-апрелиндеги № 144 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери" тууралуу токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-мартындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маселелери" тууралуу токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-апрелиндеги № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери" тууралуу токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 734 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
(2010-жылдын 3-сентябрындагы №186 токтомунун редакциясына ылайык)
+-------------------------------+ +-------------------+ +--------+
|Кыргыз Республикасынын пайдалуу| |Жаратылыш ресурстар| |Коллегия|
| казындылардын корлору боюнча +----| министрлиги +---| |