КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 169 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 18-декабры № 791
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы)» жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 641, 2012-жылдын 12-июнундагы №408, 2018-жылдын 10-январындагы № 13, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262, 2022-жылдын 23-августундагы № 471 , 2023-жылдын 28-августундагы № 432 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясын жана стратегиясын ишке ашыруу максатында, "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы N 19 "Кыргыз Республикасынын сактоочулары жана ыктыярдуу сактоочу кошуундары жөнүндө жобону бекитүү тууралу" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-январындагы № 13, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы) түзүлсүн.
11. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматы) кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналуучу минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 471 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматы) бюджеттик булактардан каржылануучу кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө тиркелген жобо;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-январындагы № 13 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн тиркелген тарифтик торчо.