Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 29-декабры № 817
Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин бекитүү жана аны түзүү эрежелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 226, 2015-жылдын 26-ноябры № 806, 2016-жылдын 8-июлундагы № 378, 17 декабря 2019 года № 691, 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-беренесинин 4-бөлүгүн ишке ашыруу максатында:
1. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын салык саясаты маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үч айлык мөөнөттө контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарды иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 378 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестри 2009-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирээри;
- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин түзүү эрежеси бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирээри.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №817 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат
берилген контролдук-кассалык машиналардын