Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы N 567 токтому менен бекитилген |
1. Камбарата ГЭС-2де ири масштабдагы жардырууну даярдоо жана жүргүзүү боюнча штаб Камбарата ГЭС-2де ири масштабдагы жардырууну (мындан ары - ИМЖ) өз убагында даярдоо жана жүргүзүү маселелери боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн коллегиялуу координациялык орган болуп саналат.
2. Штаб өз ишинде Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Штабдын ишине жетекчиликти төрага, ал жокто - төраганын орун басары жүзөгө ашырат.
4. Штабдын негизги милдети Камбарата ГЭС-2де ири масштабдагы жардырууну даярдоо жана жүргүзүү боюнча чараларды өз убагында көрүү болуп саналат.
5. Штаб өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- ИМЖны даярдоо жана жүргүзүү боюнча жумуштардын аткарылышынын жүрүшүн караштырат;
- алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
- иштерди илгерилетүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- Камбарата ГЭС-2де тосмонун тулкусун тургузууга карата курулуш объекттеринин даярдыгынын мониторингин жүзөгө ашырат;
- Камбарата ГЭС-2де ИМЖы жүзөгө ашырылганга чейин жана андан кийин турак жай фондунун абалын белгилөө үчүн мониторингди жүзөгө ашырат;
- укук бузууларга жол бербөө боюнча зарыл чараларды көрөт;
- Камбарата ГЭС-2де тосмонун тулкусун тургузуу үчүн ИМЖны даярдоо жана жүргүзүү боюнча иштерди контролдойт.
6. Штаб төмөнкүлөргө укуктуу: