Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 45 токтомуна ылайык  күчүн жоготкон

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 12-январы № 6

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-мартындагы № 102 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-мартындагы № 102 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө» токтомун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-мартындагы № 102 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы, Комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Комиссиянын жооптуу катчысы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти.

 

Комиссия мүчөлөрү:

 

Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри,

Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин директору;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча).».

2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

Д. Үсөнов