Редакцияот 19.09.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2009-жылдын 19-сентябры №594

Озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны ташып келүүнү жана ташып чыгууну мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Дүйнөлүк банктын "Бизнести жүргүзүү - 2010" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингинин индикаторлорун жакшыртууга багытталган иш-чараларды турмушка ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны ташып келүүнү жана ташып чыгууну мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Озон катмарын коргоо жөнүндө Вена конвенциясын жана Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколун аткаруу боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 6-сентябрындагы № 552 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 токтомунун 24-пункту;

- "Озон катмарын коргоо боюнча Вена конвенциясы жана Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколун аткаруу боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 6-сентябрындагы № 552 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 860 токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын , контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

И.Чудинов