Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ 

2009-жылдын 25-декабры № 805

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы №339 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмү жана" деген сөздөр алып салынсын;

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө жободо:

3-пункттун алтынчы абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Мамкаттоо)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

8-пункттун экинчи абзацындагы "биринчи вице-премьер-министр" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

Премьер-министр

Д.Үсөнов