Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы №84 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жаштар иштери боюнча департаменти жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Департаменттин максаты жана негизги милдеттери
III. Департаменттин функциялары
IV. Департаменттин укуктары
V. Департаменттин ишин уюштуруу
VI. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы жаштар иштери боюнча Департаменти (мындан ары Департамент) мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) функциясын жүргүзүүчү Министрликтин ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Департамент өз иш аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамын, "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте өз күчүнө кирген эл аралык макулдашууларды, Министрликтин Жобосун, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент өз ишмердүүлүгүн Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик бийликтин аткаруу жана башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, мамлекеттик мекемелер, коомдук жана башка уюмдар менен биргеликте мамлекеттик жаштар саясаты жаатында иш алып барат.
4. Департамент юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана өз аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында эсептери жана башка эсептери болот.
5. Департамент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктуу мурасчы болуп саналат.
6. Департаменттин борбордук аппаратын каржылоо үчүн финансылык чыгымдар бюджеттик, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.