Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2010-жылдын 19-февралындагы № 112

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргонуу чараларын киргизүү жөнүндө» токтомун чечмелөө (түшүндүрүү) тууралуу

«Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргонуу чараларын киргизүү жөнүндө» токтомуна тиркелген чечмелөө (түшүндүрүү) бекитилсин.

2. Бул токтом иште пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына жиберилсин.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министр

Д. Үсөнов

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2010-жылдын 19-февралындагы №112 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргонуу чараларын киргизүү жөнүндө» токтомун чечмелөө (түшүндүрүү)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргонуу чараларын киргизүү жөнүндө» токтому менен бир жылдык мөөнөткө буудайдын катуу жана жумшак сортторунун унун импорттоого 1 кг үчүн 3 сом өлчөмүндө алым алуу түрүндө коргонуу чаралары киргизилген (ЕврАзЭС ТЭИ ТН: 1101 00 110 0, 1101 00 150 0 коддору).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган токтому 4-пунктка ылайык 2009-жылдын 10-ноябрынан тартып күчүнө кирген.

Демек ушул күндөн тартып жана бир жыл бою ЕврАзЭС ТЭИ ТН: 1101 00 110 0, 1101 00 150 0 коддору менен классификациялануучу буудайдын катуу жана жумшак сортторунун унун импорттоодо 1 кг үчүн 3 сом өлчөмүндө алым алынат.

«Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктуна ылайык нормативдик укуктук актыларда камтылган нормалар Конституцияга, конституциялык мыйзамдарга, кодекстерге жана мыйзамдарга ылайык чечмеленүүгө тийиш.