Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2010-жылдын 25-марты №170
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-июнундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкына нормативдик-укуктук актыларды тариздөөнүн жана берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 "Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-июнундагы №302 "Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкына нормативдик укуктук актыларды тариздөөнүн жана берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маалыматтардын борбордоштурулган укуктук банкына тиркелүүчү нормативдик-укуктук актыларды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкына киргизүү үчүн ченемдик укуктук актыларды жиберчү органдардын тизмеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкындагы ченемдик укуктук актыларды таратуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайты аркылуу акысыз негизде жүргүзүлөөрү белгиленсин.";
- 4-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкына ченемдик укуктук актыларды тариздөөнүн жана берүүнүн ТАРТИБИ
1. Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкына ченемдик укуктук актыларды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкын түзүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 "Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык иштелип чыккан.