Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 360 токтомуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 29-июлу № 137
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кара-Кече» мамлекеттик ишканасынын уставын бекттүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кара-Кече» мамлекеттик ишканасы түзүлгөнүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 5-главасына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кара-Кече» мамлекеттик ишканасынын тиркелген уставы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тийиштүү бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы № 137 токтому менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кара-Кече» мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы № 89 токтому менен көмүр өнөр жайын өнүктүрүү, «Кара-Кече» көмүр кенинде абалды жакшыртуу жана ар жылдык жылытуу мезгилине даярдануу максатында түзүлгөн.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышып, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Уставга таянат.
3. Ишкана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине (мындан ары - Министрлик) түз баш ийет.
Министрлик Ишкананын ишин жалпы жетектейт жана координациялайт.
4. Ишкана өз алдынча балансы бар, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген, чарба жүргүзүү укугуна негизделген юридикалык жак болот, өзүнчө мүлкү болот жана өзүнүн ишин өзүн өзү актоо негизинде жүргүзөт.
5. Ишканада өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штампы, бланктары жана башка атрибуттары болот.
Ишкана өзүнүн ишин мыйзамдардын талаптарына жана ушул Уставга катуу ылайык жүргүзөт.
6. Ишкананын толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кара-Кече» мамлекеттик ишканасы;
расмий тилде: Государственное предприятие «Кара-Кече» при Министерстве энергетики Кыргызской Республики.
Ишкананын турган жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 119.
7. Бул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартипте киргизилет.