Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2010-жылдын 6-августундагы №151

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Мамлекеттик имараттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу, мамлекеттик органдарды жайгаштыруу маселесин ыкчам чечүү жана аларды бөлмө-жайлар менен өз убагында камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы № 668 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө жободо:

12-пунктунун отуз экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мүлктүк мамилелер департаменти жөнүндө жободо:

14-пунктунун он бешинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы №11 «Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:

министрликтердин, ведомстволордун жана облустук мамлекеттик администрациялардын сунуштары боюнча мамлекеттик органдарды, уюмдарды жана ишканаларды республиканын региондорундагы мамлекеттик имараттарга жана жайларга жайгаштыруу жөнүндө чечим чыгарат;