Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2010-жылдын 16-августу №163

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына шайлоо боюнча рейтингдик добуш берүүнүн экинчи этабы жөнүндө

"Кыргыз Республикасында коомдук телерадиоберүүнү түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 28 Декретинин жоболоруна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү компаниясынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн шайлоонун бекитилген жолжоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн рейтингдик добуш берүү жолу менен 47 талапкердин ичинен биринчи турда тандап алынган Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына тиркелген 32 талапкердин тизмеси бекитилсин.

2. Маалыматтык-координациялык борбору 32 талапкердин маалыматтарын Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн добуш берүүсүнүн экинчи этабына киргизсин.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

 

Р.Отунбаева

 

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-августундагы №163 токтому менен бекитилди

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн рейтингдик добуш берүүсү менен Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына тандапалынган 32 ТАЛАПКЕРДИН ТИЗМЕСИ

┌───┬──────────────────────────────────────────────────┬──────────────┐

│ № │                  Аты-жөнү                        │   Добуштар   │

├───┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│1  │Касаболотов Жыргалбек Асекович                    │      10      │

│2  │Абдыкеримова Нургуль Абдыжапаровна                │       9      │