Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 8-декабры № 317
Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин жүзөгө ашыруу процессин өркүндөтүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 24-декабры № 879 токтомдун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесинин принциптерин жүзөгө ашыруу процессин андан ары өркүндөтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүндөгү жана курамындагы өзгөртүүлөргө жана бардык кызыкдар тараптардын, анын ичинде кен казып алуучу компаниялардын, мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен ченемдик укуктук базасын жаңыртуу зарылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча Байкоочу кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- кен казып алуучу компаниялар үчүн Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесинин (мындан ары - КТАД) алкагындагы отчеттуулуктун индикаторлору 3-тиркемеге ылайык;
- мамлекеттик органдар үчүн Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча ар жылдык отчеттун формасы 4-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча жылдык администрациялык статистикалык отчеттун формасы (№ 4-КТАД формасы) 5-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча отчетту даярдоо жана тапшыруу боюнча нускама (№ 4-КТАД формасы) 6-тиркемеге ылайык.
3. КТАДды жүзөгө ашыруу милдеттерин координациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикне жүктөлсүн.
4. Минималдык чектелген деңгээлдеги жылдык кирешеси 1 (бир) млн. АКШ долларын түзгөн Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча отчеттор жана мамлекеттик органдардын тиешелүү маалыматтары көз карандысыз компания тарабынан текшерүүгө алынаары; жылдык кирешеси чектелген деңгээлден төмөн кен казып алуучу компаниялардын отчеттору текшерүүсүз берилери белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик:
- бардык кен казып алуучу компаниялар Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча ар жылдык отчетторун отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-майына карата даярдап жана тапшыруусун камсыз кылсын;
- жыл сайын жылдык кирешеси 1 (бир) млн. АКШ долларын түзгөн кен казып алуучу компаниялардын тизмесин (мындан ары - КТАД компанияларынын тизмеси) түзүп жана аны КТАДды жүзөгө ашырууга катышкан мамлекеттик органдарга берсин;
- жыл сайын КТАД компанияларынын тизмесине ылайык кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча өзүнчө отчетторду маалыматтарды текшерүүчү көз каранды эмес компанияга берсин;
- КТАД компанияларынын тизмесине киргизилген компаниялар финансылык агымдары боюнча отчетту тапшырууга жазуу түрүндөгү макулдугун берүүсүн камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, райондордун мамлекеттик администрациялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-майына карата маалыматтарды текшерүү боюнча көз каранды эмес компанияга берүү үчүн КТАД компанияларынын тизмесине ылайык мамлекеттик органдар үчүн Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча жылдык отчеттун толтурулган формаларын Кыргыз Республикасында КТАДды жүзөгө ашыруу боюнча Байкоочу кеңештин алдындагы КТАДдын Секретариатына тапшырсын.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 24-декабры № 879 токтомдун редакциясына ылайык)
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-майындагы № 361 "Кен казып алуу тармагынын иш-аракеттеринин ачык-айкындуулугун жогорулатууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-сентябрындагы № 710 "Кен казып алуу тармагында ачыктыкты жогорулатуунун демилгесинин принциптерин ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын кен казып алуу секторундагы ишканалардын ишинен алынуучу финансылык агымдардын маалыматын ачыкка чыгаруу боюнча отчеттуулуктун индикаторлорун (типтүү формаларын) бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы № 435-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-июлундагы № 382 "Кен казып алуу тармагынын иштеринин ачык-айкындуулугун жогорулатуу демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" токтому.
8. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева
|
1-тиркеме
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 24-декабры № 879 токтомдун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кен казып алуучу компаниялардан 5 өкүл (макулдашуу боюнча);
коомдук бирикмелерден 5 өкүл (макулдашуу боюнча).
Донордук уюмдардын өкүлдөрү - Кеңештин добуш берүүгө укугу жок байкоочулары:
Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банктын туруктуу өкүлчүлүгүнөн (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасында Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин (DFID) өкүлчүлүгүнөн (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасында Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банктын туруктуу өкүлчүлүгүнөн (макулдашуу боюнча).
3-тиркеме
1-бөлүм
Салыктык чегерүүлөр
┌──────────────────────────────────────────────────┬────────┬─────────┐
│ Салык төлөмдөрү │ Саптын │ Миң сом │
│ │ коду │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Жеке жактардан алынуучу жеке киреше салыгы │ 01 │ │

│Пайдадан алынуучу салык │ 02 │ │

│Жер салыгы │ 03 │ │

│Мүлк салыгы │ 04 │ │

│Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү │ 05 │ │
│товарларга жана кызматтарга кошумча нарк салыгы │ │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү │ 06 │ │
│товарларга акциздик салык │ │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Сатуудан алынуучу салык │ 07 │ │

│Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме менен │ 08 │ │
│байланышпаган чет өлкөлүк уюмдардын кирешелерине │ │ │
│салынуучу салык │ │ │

│Бонустар │ 09 │ │

│Роялти │ 10 │ │

│Дүң киреше салыгы │ 11 │ │

│Минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө ар жылдык │ 12 │ │
│сумма │ │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Башка салыктар жана жыйымдар │ 13 │ │
└──────────────────────────────────────────────────┴────────┴─────────┘
2-бөлүм
Бажылык чегерүүлөр
┌──────────────────────────────────────────────────┬────────┬─────────┐
│ Бажы төлөмдөрү │ Саптын │ Миң сом │
│ │ коду │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Бажылык алымдар │ 14 │ │

│Бажылык жыйымдар │ 15 │ │

│Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү │ 16 │ │
│товарларга акциздик салык │ │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү │ 17 │ │
│товарларга кошумча нарк салыгы │ │ │
└──────────────────────────────────────────────────┴────────┴─────────┘
3-бөлүм
Башка олуттуу чегерүүлөр
┌──────────────────────────────────────────────────┬────────┬─────────┐
│ Төлөмдөрдүн аталышы │ Саптын │ Миң сом │
│ │ коду │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Мамлекеттик социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр │ 18 │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Концессия төлөмү │ 19 │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Мамлекеттик акциялардын пакетине чегерилген │ 20 │ │
│дивиденддер(*) │ │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Компания сатып алган мамлекеттик үлүштүн төлөмү(*)│ 21 │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган │ 22 │ │
│жердин ижара акысы, токой фондунун тилкелеринин │ │ │
│ижара төлөмү │ │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун │ 23 │ │
│толтуруу │ │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун │ 24 │ │
│толтуруу │ │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Жер тилкелерин берүүдө алынбай калган пайда │ 25 │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды │ 26 │ │
│кармап калуу төлөмү │ │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Айлана-чөйрөнү булгоо жана айлана чөйрөгө │ 27 │ │
│келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөм │ │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Лицензия берүү төлөмү │ 28 │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Күбөлүктөрдү жана башка уруксат берүүчү │ 29 │ │
│документтерди берүү төлөмү │ │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн │ 30 │ │
│келишимдерде белгиленген төлөмдөр │ │ │
└──────────────────────────────────────────────────┴────────┴─────────┘
(*) Мамлекеттик менчик үлүшү бар ишканалар үчүн.
4-бөлүм
Компаниянын кошумча чыгымдары
┌──────────────────────────────────────────────────┬────────┬─────────┐
│ Көрсөткүчтөрдүн аталышы │ Саптын │ Миң сом │
│ │ коду │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Билим берүүнү колдоо │ 31 │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Социалдык инфраструктураны колдоо │ 32 │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Рекультивациялык фондго чегерүүлөр │ 33 │ │
└──────────────────────────────────────────────────┴────────┴─────────┘
4-тиркеме
I таблица
Салык төлөмдөрү
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик салык кызматы үчүн)
Салык төлөөчүнүн аталышы _________________________________________
┌──────────────────────────────────────────────────┬────────┬─────────┐
│ Салык төлөмдөрү │ Саптын │ Миң сом │
│ │ коду │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Жеке жактардан алынуучу жеке киреше салыгы │ 01 │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Пайдадан алынуучу салык │ 02 │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Жер салыгы │ 03 │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Мүлк салыгы │ 04 │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн │ 05 │ │
│товарларга жана кызматтарга кошумча нарк салыгы │ │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн │ 06 │ │
│товарларга акциздик салык │ │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Сатуудан алынуучу салык │ 07 │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме менен │ 08 │ │
│байланышпаган чет өлкөлүк уюмдардын кирешелерине │ │ │
│салынуучу салык │ │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Бонустар │ 09 │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Роялти │ 10 │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Дүң киреше салыгы │ 11 │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүүгө ар жылдык │ 12 │ │
│сумма │ │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Башка салыктар жана жыйымдар │ 13 │ │
└──────────────────────────────────────────────────┴────────┴─────────┘
Эскертүү:
Отчет накталай акча каражаттарынын эсебинин негизинде (кассалык негизде) берилет.
Биз бул отчеттуулукта Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча отчетту даярдоо жана берүү боюнча нускамага ылайык маалыматтын тууралыгына өзүбүздүн жоопкерчилигибизди ырастайбыз.
Жетекчинин колу (колу) (аты-жөнү)
II таблица
Бажы төлөмдөрү
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик бажы кызматы үчүн)
Салык төлөөчүнүн аталышы _________________________________________
┌──────────────────────────────────────────────────┬────────┬─────────┐
│ Бажы төлөмдөрү │ Саптын │ Миң сом │
│ │ коду │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Бажылык алымдар │ 14 │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Бажылык жыйымдар │ 15 │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү │ 16 │ │
│товарларга акциздик салык │ │ │
├──────────────────────────────────────────────────┼────────┼─────────┤
│Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү │ 17 │ │
│товарларга кошумча нарк салыгы │ │ │
└──────────────────────────────────────────────────┴────────┴─────────┘
Эскертүү:
Отчет накталай акча каражаттарынын эсебинин негизинде (кассалык негизде) берилет.
Биз бул отчеттуулукта Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча отчетту даярдоо жана берүү боюнча нускамага ылайык маалыматтын тууралыгына өзүбүздүн жоопкерчилигибизди ырастайбыз.
Жетекчинин колу (колу) (аты-жөнү)
III таблица
Башка олуттуу төлөмдөр
Салык төлөөчүнүн аталышы _________________________________________
┌──────────────────────────┬────────┬──────────┬──────────────────────┐
│ Төлөмдөрдүн аталышы │ Саптын │Миң сом(*)│ Отчет берүүчү орган │
│ │ коду │ │ │
├──────────────────────────┼────────┼──────────┼──────────────────────┤
│Мамлекеттик социалдык │ 18 │ │Соцфонд │
│камсыздандырууга төлөмдөр │ │ │ │
├──────────────────────────┼────────┼──────────┼──────────────────────┤
│Концессия төлөмү │ 19 │ │Жаратылыш министрлиги │
├──────────────────────────┼────────┼──────────┼──────────────────────┤
│Мамлекеттик акциялардын │ 20 │ │Маммүлк министрлиги │
│пакетине чегерилген │ │ │ │
│дивиденддер(*) │ │ │ │
├──────────────────────────┼────────┼──────────┼──────────────────────┤
│Компания сатып алган │ 21 │ │Маммүлк министрлиги │
│мамлекеттик үлүштүн │ │ │ │
│төлөмү(*) │ │ │ │
├──────────────────────────┼────────┼──────────┼──────────────────────┤
│Мамлекеттик жана │ 22 │ │Жергиликтүү өз алдынча│
│муниципалдык менчикте │ │ │башкаруу органдары, │
│турган жердин ижара акысы,│ │ │Мамтокой коргоо │
│токой фондунун │ │ │ │
│тилкелеринин ижара төлөмү │ │ │ │
├──────────────────────────┼────────┼──────────┼──────────────────────┤
│Айыл чарба өндүрүшүнүн │ 23 │ │Мамкаттоо кызматы │
│жоготууларынын ордун │ │ │ │
│толтуруу │ │ │ │
├──────────────────────────┼────────┼──────────┼──────────────────────┤
│Токой чарба өндүрүшүнүн │ 24 │ │Мамтокой коргоо │
│жоготууларынын ордун │ │ │ │
│толтуруу │ │ │ │
├──────────────────────────┼────────┼──────────┼──────────────────────┤
│Жер тилкелерин берүүдө │ 25 │ │Жергиликтүү өз алдынча│
│алынбай калган пайда │ │ │башкаруу органдары, │
│ │ │ │Мамтокой коргоо │
├──────────────────────────┼────────┼──────────┼──────────────────────┤
│Жер казынасын пайдалануу │ 26 │ │Жаратылыш министрлиги │
│укугуна лицензияларды │ │ │ │
│кармап калуу төлөмү │ │ │ │
├──────────────────────────┼────────┼──────────┼──────────────────────┤
│Айлана-чөйрөнү булгоо жана│ 27 │ │Мамтокой коргоо │
│айлана чөйрөгө келтирген │ │ │ │
│зыяндын ордун толтуруу │ │ │ │
│үчүн төлөм │ │ │ │
├──────────────────────────┼────────┼──────────┼──────────────────────┤
│Лицензия берүү төлөмү │ 28 │ │Жаратылыш министрлиги,│
│ │ │ │Мамтоотехкөзөмөл │
├──────────────────────────┼────────┼──────────┼──────────────────────┤
│Күбөлүктөрдү жана башка │ 29 │ │Мамтоотехкөзөмөл │
│уруксат берүүчү │ │ │ │
│документтерди берүү төлөмү│ │ │ │
├──────────────────────────┼────────┼──────────┼──────────────────────┤
│Кыргыз Республикасынын │ 30 │ │Жергиликтүү өз алдынча│
│Өкмөтү менен түзүлгөн │ │ │башкаруу органдары │
│келишимдерде белгиленген │ │ │ │
│төлөмдөр │ │ │ │
└──────────────────────────┴────────┴──────────┴──────────────────────┘
(*) Мамлекеттик менчик үлүшү бар ишканалар үчүн.
Эскертүү:
Отчет накталай акча каражаттарынын эсебинин негизинде (кассалык негизде) берилет.
Биз бул отчеттуулукта Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча отчетту даярдоо жана берүү боюнча нускамага ылайык маалыматтын тууралыгына өзүбүздүн жоопкерчилигибизди ырастайбыз.
Жетекчинин колу (колу) (аты-жөнү)
5-тиркеме
АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК СТАТИСТИКАЛЫК АДМИНИСТРАТИВНАЯ СТАТИСТИЧЕСКАЯ
ОТЧЕТТУУЛУК ОТЧЕТНОСТЬ
"Мамлекеттик статистика жөнүндө" в соответствии с Законом
Кыргыз Республикасынын Кыргызской Республики
Мыйзамына ылайык "О государственной статистике"
───────────────────────────────────────────────────────────────────────
Купуялык кепилденет Конфиденциальность гарантируется
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│Маалыматтарды берүү тартибин, │Нарушение порядка, сроков │
│мөөнөтүн бузуу, аны бурмалап │представления информации, │
│берүү, купуялыгын сактабагандыгы │ее искажение и несоблюдение │
│Кыргыз Республикасынын │конфиденциальности влечет │
│мыйзамдарында белгиленген │ответственность, установленную │
│жоопкерчиликти тартууга алып келет│законодательством Кыргызской │
│ │Республики │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
┌─────────────────────────────┐ ┌────────────────────┐ ┌─────────┐
│ № 4-КТАД формасы │ │ Форма № 4-ИПДО │ │ 6034074 │
└─────────────────────────────┘ └────────────────────┘ └─────────┘
ГКУД
┌─────────────────────────────┐ ┌────────────────────┐
│ Почталык-жылдык │ │ Почтовая-годовая │
└─────────────────────────────┘ └────────────────────┘
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Улуттук │ Согласована с Национальным │
│ статистика комитети тарабынан │ статистическим комитетом │
│ 2010-жылдын 18-майында │ Кыргызской Республики │
│ макулдашылды │ 18 мая 2010 года │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │ Утверждена │
│ 2010-жылдын "__" _____________ │ постановлением Правительства │
│ № ___ токтому менен │ Кыргызской Республики │
│ бекитилген │ от "__" ________ 2010 года № ____│
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│Кыргыз Республикасында кен ОТЧЕТ по финансовым потокам │
│казып алуучу компаниялардын от деятельности │
│иш-аракеттеринен финансылык добывающих компаний │
│ агымдар боюнча в Кыргызской Республике│
│ │
│ за 20__-ж. (г.) үчүн │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
┌─────────────────────────────────┐ ┌─────────────────────────────────┐
│Чарбачылыктын уюштуруу-укуктук │ │ ПРЕДСТАВЛЯЮТ │
│түрү менен менчиктин түрүнөн │ │Компании, имеющие лицензию на │
│көз карандысыз, пайдалуу казып │ │разработку месторождений полезных│
│алынуучулардын кендерин иштетүүгө│ │ископаемых, независимо от │
│лицензиясы бар компаниялар Кыргыз│ │организационно-правовой формы │
│Республикасынын Жаратылыш │ │хозяйствования и формы │
│ресурстар министрлигине отчеттук │ │собственности до 15 мая после │
│жылдан кийинки 15-майга чейин │ │отчетного года в Министерство │
│ ТАПШЫРАТ │ │природных ресурсов Кыргызской │
│ │ │Республики │
│ │ │ │
│Отчет накталай акча каражаттарын │ │Отчет составляется на основе │
│эсепке алуунун негизинде │ │учета наличных денежных средств │
│(кассалык негизде) Кыргыз │ │(на кассовой основе) │
│Республикасынын улуттук │ │в национальной валюте Кыргызской │
│валютасында түзүлөт │ │Республики │
└─────────────────────────────────┘ └─────────────────────────────────┘
┌─────────────────────────────────────────────────────┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┐
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────────────────────────────────────┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┤
│Ишкана, уюмдун аталышы ОКПО │
│Наименование предприятия, организации │
│ Ишкананын Код │
│ коду предприятия │
│ │
│ ┌─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┤
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────────────────────────┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┤
│Аймагы (областы, району, шаары, СОАТЕ │
│калктуу пункту) │
│Территория (область, район, │
│город, нас. пункт) │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Дареги (почта индекси, Телефон E-mail (электрондук почта│
│көчөсү, үй №) электронная почта)│
│Адрес (почтовый индекс, │
│улица, № дома) │
│ ┌─┬─┬─┬─┬─┤
│ │ │ │ │ │ │
├───────────────────────────────────────────────────────────┴─┴─┴─┴─┴─┤
│Экономикалык иш-аракеттин иш жүзүндөгү түрү (негизги) ГКЭД │
│Фактический вид экономической деятельности (основной) │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
"__" ____________ 20__-ж. (г.)
М.О. М.П. _________________________________________
байланышуучу телефон (контактный телефон)
Жетекчи
Руководитель _____________________________________ ______________
фамилиясы, аты, атасынын аты (Ф.И.О.) колу (подпись)
Башкы бухгалтер
Главный бухгалтер ________________________________ ______________
аты-жөнү (фамилия) колу (подпись)
Администрациялык статистикалык отчеттуулукту кабыл алуучу мамлекеттик органдын координаттары:
Координаты государственного органа, принимающего административную статистическую отчетность:
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш Министерство природных ресурсов
ресурстар министрлиги Кыргызской Республики
720739, Бишкек ш., Эркиндик 720739, г.Бишкек, проспект
проспектиси, 2 Эркиндик, 2
Телефон ______________, факс ___________, e-mail _________________
1-бөлүм Раздел 1
Салыктык чегерүүлөр Налоговые отчисления
┌───────────────────────────┬──────┬───────┬──────────────────────────┐
│ Көрсөткүчтөрдүн │Саптын│Миң сом│ Наименование │
│(индикаторлордун) аталышы │ коду │ │ показателей (индикаторов)│
│ │ │ Тыс. │ │
│ │ Код │ сомов │ │
│ │строки│ │ │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│ А │ Б │ 1 │ А │

│Жеке жактардан алынуучу │ 01 │ │Подоходный налог │
│жеке киреше салыгы │ │ │с физических лиц │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Пайдадан алынуучу салык │ 02 │ │Налог на прибыль │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Жер салыгы │ 03 │ │Земельный налог │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Мүлк салыгы │ 04 │ │Налог на имущество │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Кыргыз Республикасынын │ 05 │ │Налог на добавленную │
│аймагында өндүрүлүүчү │ │ │стоимость на товары │
│товарларга жана кызматтарга│ │ │и услуги, производимые │
│кошумча нарк салыгы │ │ │на территории Кыргызской │
│ │ │ │Республики │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Кыргыз Республикасынын │ 06 │ │Акцизный налог на товары, │
│аймагында өндүрүлүүчү │ │ │производимые на территории│
│товарларга акциздик салык │ │ │Кыргызской Республики │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Сатуудан алынуучу салык │ 07 │ │Налог с продаж │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Кыргыз Республикасында │ 08 │ │Налог на доходы │
│туруктуу мекеме менен │ │ │иностранных организаций, │
│байланышпаган чет өлкөлүк │ │ │не связанных │
│уюмдардын кирешелерине │ │ │с постоянным учреждением │
│салынуучу салык │ │ │в Кыргызской Республике │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Бонустар │ 09 │ │Бонусы │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Роялти │ 10 │ │Роялти │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Дүң киреше салыгы │ 11 │ │Налог на валовой доход │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Минералдык-сырьелук базаны │ 12 │ │Ежегодная сумма │
│өнүктүрүүгө ар жылдык сумма│ │ │на развитие │
│ │ │ │минерально-сырьевой базы │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Башка салыктар жана │ 13 │ │Прочие налоги и сборы │
│жыйымдар │ │ │ │
└───────────────────────────┴──────┴───────┴──────────────────────────┘
2-бөлүм Раздел 2
Бажылык чегерүүлөр Таможенные отчисления
┌───────────────────────────┬──────┬───────┬──────────────────────────┐
│ Көрсөткүчтөрдүн │Саптын│Миң сом│ Наименование │
│(индикаторлордун) аталышы │ коду │ │ показателей (индикаторов)│
│ │ │ Тыс. │ │
│ │ Код │ сомов │ │
│ │строки│ │ │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│ А │ Б │ 1 │ А │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Бажылык алымдар │ 14 │ │Таможенные пошлины │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Бажылык жыйымдар │ 15 │ │Таможенные сборы │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Кыргыз Республикасынын │ 16 │ │Акцизный налог на товары, │
│аймагына ташып келинүүчү │ │ │ввозимые на территорию │
│товарларга акциз салыгы │ │ │Кыргызской Республики │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Кыргыз Республикасынын │ 17 │ │Налог на добавленную │
│аймагына ташып келинүүчү │ │ │стоимость на товары, │
│товарларга кошумча нарк │ │ │ввозимые на территорию │
│салыгы │ │ │Кыргызской Республики │
└───────────────────────────┴──────┴───────┴──────────────────────────┘
3-бөлүм Раздел 3
Башка олуттуу чегерүүлөр Иные существенные
отчисления
┌───────────────────────────┬──────┬───────┬──────────────────────────┐
│ Көрсөткүчтөрдүн аталышы │Саптын│Миң сом│ Наименование │
│ (индикаторлордун) │ коду │ │ показателей (индикаторов)│
│ │ │ Тыс. │ │
│ │ Код │ сомов │ │
│ │строки│ │ │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│ А │ Б │ 1 │ А │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Мамлекеттик социалдык │ 18 │ │Отчисления на │
│камсыздандырууга чегерүүлөр│ │ │государственное социальное│
│ │ │ │страхованне │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Концессия төлөмү │ 19 │ │Плата за концессию │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Мамлекеттик акциялардын │ 20 │ │Дивиденды, начисленные на │
│пакетине чегерилген │ │ │государственный пакет │
│дивиденддер(*) │ │ │акций(*) │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Компания сатып алган │ 21 │ │Плата за государственную │
│мамлекеттик үлүштүн │ │ │долю, выкупленную │
│төлөмү(*) │ │ │компанией(*) │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Мамлекеттик жана │ 22 │ │Плата за аренду земель, │
│муниципалдык менчикте │ │ │находящихся │
│турган жердин ижара акысы, │ │ │в государственной и │
│токой фондунун тилкелеринин│ │ │муниципальной │
│ижара төлөмү │ │ │собственности, плата │
│ │ │ │за аренду участков │
│ │ │ │лесного фонда │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Айыл чарба өндүрүшүнүн │ 23 │ │Возмещение потерь │
│жоготууларынын ордун │ │ │сельскохозяйственного │
│толтуруу │ │ │производства │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Токой чарба өндүрүшүнүн │ 24 │ │Возмещение потерь │
│жоготууларынын ордун │ │ │лесохозяйственного │
│толтуруу │ │ │производства │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Жер тилкелерин берүүдө │ 25 │ │Упущенная выгода при │
│алынбай калган пайда │ │ │предоставлении земельных │
│ │ │ │участков │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Жер казынасын пайдалануу │ 26 │ │Плата за удержание │
│укугуна лицензияларды │ │ │лицензий на право │
│кармап калуу төлөмү │ │ │пользования недрами │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Айлана-чөйрөнү булгоо жана │ 27 │ │Плата за загрязнение │
│айлана-чөйрөгө келтирген │ │ │окружающей среды и │
│зыяндын ордун толтуруу үчүн│ │ │возмещение ушерба, │
│төлөм │ │ │причиненного │
│ │ │ │окружающей среде │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Лицензия берүү төлөмү │ 28 │ │Плата за выдачу лицензий │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Күбөлүктөрдү жана башка │ 29 │ │Плата за выдачу │
│уруксат берүүчү │ │ │удостоверений и других │
│документтерди берүү төлөмү │ │ │разрешительных документов │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Кыргыз Республикасынын │ 30 │ │Платежи, установленные │
│Өкмөтү менен түзүлгөн │ │ │соглашениями, заключенными│
│макулдашууларда белгиленген│ │ │с Правительством │
│төлөмдөр │ │ │Кыргызской Республики │
└───────────────────────────┴──────┴───────┴──────────────────────────┘
(*) Мамлекеттик менчик үлүшү бар ишканалар үчүн.
(*) Для предприятий с государственной долей собственности.
4-бөлүм Раздел 4 Компаниянын кошумча Дополнительные расходы чыгымдары компании
┌───────────────────────────┬──────┬───────┬──────────────────────────┐
│ Көрсөткүчтөрдүн аталышы │Саптын│Миң сом│ Наименование │
│ (индикаторлордун) │ коду │ │ показателей (индикаторов)│
│ │ │ Тыс. │ │
│ │ Код │ сомов │ │
│ │строки│ │ │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│ А │ Б │ 1 │ А │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Билим берүүнү колдоо │ 31 │ │Поддержка образования │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Социалдык инфраструктураны │ 32 │ │Поддержка социальной │
│колдоо │ │ │инфраструктуры │
├───────────────────────────┼──────┼───────┼──────────────────────────┤
│Рекультивациялык фондго │ 33 │ │Отчисления в │
│чегерүүлөр │ │ │рекультивационный фонд │
└───────────────────────────┴──────┴───────┴──────────────────────────┘
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 8-декабры N 317
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-декабрындагы № 879, 2018-жылдын 25-декабрындагы № 631 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесинин принциптерин жүзөгө ашыруу процессин андан ары өркүндөтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүндөгү жана курамындагы өзгөртүүлөргө жана бардык кызыкдар тараптардын, анын ичинде кен казып алуучу компаниялардын, мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен ченемдик укуктук базасын жаңыртуу зарылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча Байкоочу кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- кен казып алуучу компаниялар үчүн Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесинин (мындан ары - КТАД) алкагындагы отчеттуулуктун индикаторлору 3-тиркемеге ылайык;
- мамлекеттик органдар үчүн Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча ар жылдык отчеттун формасы 4-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча жылдык администрациялык статистикалык отчеттун формасы (N 4-КТАД формасы) 5-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча отчетту даярдоо жана тапшыруу боюнча нускама (N 4-КТАД формасы) 6-тиркемеге ылайык.
Мамлекеттик органдар үчүн Кыргыз Республикасындагы кен казып алуу тармагы жөнүндө статистикалык маалымат боюнча жылдык отчеттун формасы, 7-тиркемеге ылайык
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
3. КТАДды жүзөгө ашыруу милдеттерин координациялоо Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.
4. Минималдык чектелген деңгээлдеги жылдык кирешеси 1 (бир) млн. АКШ долларын түзгөн Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча отчеттор жана мамлекеттик органдардын тиешелүү маалыматтары көз карандысыз компания тарабынан текшерүүгө алынаары; жылдык кирешеси чектелген деңгээлден төмөн кен казып алуучу компаниялардын отчеттору текшерүүсүз берилери белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети:
- бардык кен казып алуучу компаниялар Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча ар жылдык отчетторун отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-майына карата даярдап жана тапшыруусун камсыз кылсын;
- жыл сайын жылдык кирешеси 1 (бир) млн. АКШ долларын түзгөн кен казып алуучу компаниялардын тизмесин (мындан ары - КТАД компанияларынын тизмеси) түзүп жана аны КТАДды жүзөгө ашырууга катышкан мамлекеттик органдарга берсин;
- жыл сайын КТАД компанияларынын тизмесине ылайык кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча өзүнчө отчетторду маалыматтарды текшерүүчү көз каранды эмес компанияга берсин;
- КТАД компанияларынын тизмесине киргизилген компаниялар финансылык агымдары боюнча отчетту тапшырууга жазуу түрүндөгү макулдугун берүүсүн камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, райондордун мамлекеттик администрациялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-майына карата маалыматтарды текшерүү боюнча көз каранды эмес компанияга берүү үчүн КТАД компанияларынын тизмесине ылайык мамлекеттик органдар үчүн Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча жылдык отчеттун толтурулган формаларын Кыргыз Республикасында КТАДды жүзөгө ашыруу боюнча Байкоочу кеңештин алдындагы КТАДдын Секретариатына тапшырсын.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-декабрындагы № 879 токтомунун редакциясына ылайык)
6-1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө мамлекеттик органдар үчүн Кыргыз Республикасындагы кен казып алуу тармагы жөнүндө статистикалык маалымат боюнча жылдык отчеттун толтурган формасын Кыргыз Республикасында КТАД ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңештин алдындагы КТАД катчылыгына 7-тиркемеге ылайык берип туруу сунушталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-майындагы № 361 "Кен казып алуу тармагынын иш-аракеттеринин ачык-айкындуулугун жогорулатууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-сентябрындагы № 710 "Кен казып алуу тармагында ачыктыкты жогорулатуунун демилгесинин принциптерин ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын кен казып алуу секторундагы ишканалардын ишинен алынуучу финансылык агымдардын маалыматын ачыкка чыгаруу боюнча отчеттуулуктун индикаторлорун (типтүү формаларын) бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы № 435-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-июлундагы № 382 "Кен казып алуу тармагынын иштеринин ачык-айкындуулугун жогорулатуу демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" токтому.
8. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 24-декабры № 879 токтомдун редакциясына ылайык)
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2010-жылдын 14-декабрында N 113 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| Р.Отунбаева |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча байкоочу кеңештин КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кен казуучу компаниялардан 5 өкүл (макулдашуу боюнча);
коомдук бирикмелерден 5 өкүл (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен 2 депутат (макулдашуу боюнча).
3-тиркеме
Кен казып алуучу компаниялар үчүн Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесинин алкагындагы отчеттуулуктун ИНДИКАТОРЛОРУ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
1-таблица. Салыктык чегерүүлөр
Салыктык төлөмдөр | Саптын коду | Миң сом |
Жеке жактардан алынуучу киреше салыгы | 01 |
|
Пайдадан алынуучу салык | 02 |
|
Жер салыгы | 03 |
|
Алтын казып алуучу компаниялардын кирешесине салык | 04 |
|
Мүлк салыгы | 05 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө кошумча нарк салыгы | 06 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен ташып киргизилүүчү товарларга кошумча нарк салыгы | 07 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү товарларга акциздик салык | 08 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен ташып киргизилүүчү товарларга акциздик салык | 09 |
|
Сатуудан алынуучу салык | 10 |
|
Кыргыз Республикасынын резидент эмес жактардын кирешелерине салык | 11 |
|
Бонустар | 12 |
|
Роялти | 13 |
|
Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканалардан жалпы кирешеге салык | 14 |
|
Башка салыктар | 15 |
|
2-таблица. Бажылык чегерүүлөр
Бажылык төлөмдөр | Саптын коду | Миң сом |
ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуу тууралуу келишимге ылайык ББТ колдонулган ставка боюнча төлөнгөн жана эсепке алынган ташып киргизүүдөгү бажы алымдары | 16 |
|
ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуу тууралуу келишимге ылайык төлөнгөн жана эсепке алынган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алым | 17 |
|
Ташып чыгаруудагы бажылык алым | 18 |
|
Бажылык тариздөөгө жыйымдар | 19 |
|
Үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү товарларга акциздик салык | 20 |
|
Үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү товарларга кошумча нарк салыгы | 21 |
|
3-таблица. Башка олуттуу чегерүүлөр
Төлөмдөрдүн аталышы | Саптын коду | Миң сом |
Мамлекеттик социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр | 22 |
|
Жергиликтүү маанидеги инфраструктураларды өнүктүрүүгө жана кармоого чегерүүлөр | 23 |
|
Концессия үчүн төлөм | 24 |
|
Акциялардын мамлекеттик пакетине чегерилген дивиденддер(*) | 25 |
|
Компания сатып алган мамлекеттик үлүштүн төлөмү(*) | 26 |
|
Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жердин ижара акысы, токой фондунун тилкелеринин ижара төлөмү | 27 |
|
Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу | 28 |
|
Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу | 29 |
|
Жер участокторун берүүдө алынбай калган пайданын ордун толтуруу | 30 |
|
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармап калуу үчүн төлөм | 31 |
|
Айлана-чөйрөнү булгоо жана айлана чөйрөгө келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөм | 32 |
|
Лицензия берүү үчүн төлөм | 33 |
|
Күбөлүктөрдү жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн төлөм | 34 |
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн келишимдерде белгиленген төлөмдөр | 35 |
|
(*) Мамлекеттик менчик үлүшү бар ишканалар үчүн.
4-таблица. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин кошумча чыгымдары
Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Саптын коду | Миң сом |
Билим берүүнү колдоо | 36 |
|
Социалдык инфраструктураны колдоо | 37 |
|
Рекультивациялык фондго чегерүүлөр | 38 |
|
Социалдык пакетке чегерүүлөр | 39 |
|
Башка кайтарымсыз төлөөлөр (аталыштарын көрсөтүү) | 40 |
|
Кыскартуулардын тизмеси:
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
ББТ | - | Бирдиктүү бажы тарифи. |
4-тиркеме
Мамлекеттик органдар үчүн Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын ишинен пайда болгон финансылык агымдар боюнча ар жылдык отчеттун ФОРМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
1-таблица. Салыктык чегерүүлөр (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы үчүн)
Салык төлөөчүнүн аталышы _________________________________________________
Салык төлөөчүнүн СИН _____________________________________________________
Салыктык (эсептик) каттоо жери ______________________________________________
Салыктык төлөмдөр | Саптын коду | Миң сом |
Жеке жактардан алынуучу киреше салыгы | 01 |
|
Пайдадан алынуучу салык | 02 |
|
Жер салыгы | 03 |
|
Алтын казып алуучу компаниялардын кирешесине салык | 04 |
|
Мүлк салыгы | 05 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө кошумча нарк салыгы | 06 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен ташып киргизилүүчү товарларга кошумча нарк салыгы | 07 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү товарларга акциздик салык | 08 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен ташып киргизилүүчү товарларга акциздик салык | 09 |
|
Сатуудан алынуучу салык | 10 |
|
Кыргыз Республикасынын резидент эмес жактардын кирешелерине салык | 11 |
|
Бонустар | 12 |
|
Роялти | 13 |
|
Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканалардан жалпы кирешеге салык | 14 |
|
Башка салыктар | 15 |
|
Эскертүү:
Отчет накталай акча каражаттарынын эсепке алуунун негизинде (кассалык негизде) берилет.
Биз Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын ишинен пайда болгон финансылык агымдар боюнча отчетту даярдоо жана берүү нускамасына ылайык ушул отчеттогу маалыматтын тууралыгына өзүбүздүн жоопкерчилигибизди ырастайбыз.
Жетекчинин кызмат орду | ______________________ (колу) | (аты-жөнү) |
2-таблица. Бажы төлөмдөрү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн)
Салык төлөөчүнүн аталышы _______________________________________________
Салык төлөөчүнүн СИН ___________________________________________________
Салыктык (эсептик) каттоо жери _____________________________________________
Бажылык төлөмдөр | Саптын коду | Миң сом |
ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуу тууралуу келишимге ылайык ББТ колдонулган ставка боюнча төлөнгөн жана эсепке алынган ташып киргизүүдөгү бажы алымдары | 16 |
|
ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуу тууралуу келишимге ылайык төлөнгөн жана эсепке алынган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алым | 17 |
|
Ташып чыгаруудагы бажылык алым | 18 |
|
Бажылык тариздөөгө жыйымдар | 19 |
|
Үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү товарларга акциздик салык | 20 |
|
Үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү товарларга кошумча нарк салыгы | 21 |
|
Эскертүү:
Отчет накталай акча каражаттарынын эсепке алуунун негизинде (кассалык негизде) берилет.
Биз Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын ишинен пайда болгон финансылык агымдар боюнча отчетту даярдоо жана берүү нускамасына ылайык ушул отчеттогу маалыматтын тууралыгына өзүбүздүн жоопкерчилигибизди ырастайбыз.
Жетекчинин кызмат орду | _______________________ (колу) | (аты-жөнү) |
3-таблица. Башка олуттуу төлөмдөр
Салык төлөөчүнүн аталышы ______________________________________________
Салык төлөөчүнүн СИН __________________________________________________
Салыктык (эсептик) каттоо жери ____________________________________________
Төлөмдөрдүн аталышы | Саптын коду | Миң сом | Отчет берүүчү мамлекеттик органдар |
Мамлекеттик социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр | 22 |
| Соцфонд |
Жергиликтүү маанидеги инфраструктураларды өнүктүрүүгө жана кармоого чегерүүлөр | 23 |
| МСК |
Концессия үчүн төлөм | 24 |
| ӨЭЖПМК |
Акциялардын мамлекеттик пакетине чегерилген дивиденддер(*) | 25 |
| ММБФ |
Компания сатып алган мамлекеттик үлүштүн төлөмү(*) | 26 |
| ММБФ |
Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жердин ижара акысы, токой фондунун участокторунун ижара төлөмү | 27 |
| ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги |
Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу | 28 |
| Мамкаттоо |
Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу | 29 |
| Токой агенттиги |
Жер участокторун берүүдө алынбай калган пайданын ордун толтуруу | 30 |
| ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги |
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармап калуу үчүн төлөм | 31 |
| ӨЭЖПМК |
Айлана-чөйрөнү булгоо жана айлана чөйрөгө келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөм | 32 |
| Токой агенттиги |
Лицензия берүү үчүн төлөм | 33 |
| ӨЭЖПМК, Экотехинспекция |
Күбөлүктөрдү жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн төлөм | 34 |
| Экотехинспекция |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн келишимдерде белгиленген төлөмдөр | 35 |
| ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
(*) Мамлекеттик менчик үлүшү бар ишканалар үчүн.
Эскертүү:
Отчет накталай акча каражаттарынын эсепке алуунун негизинде (кассалык негизде) берилет.
Биз Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын ишинен пайда болгон финансылык агымдар боюнча отчетту даярдоо жана берүү нускамасына ылайык ушул отчеттогу маалыматтын тууралыгына өзүбүздүн жоопкерчилигибизди ырастайбыз.
Жетекчинин кызмат орду | ______________________ (колу) | (аты-жөнү) |
Кыскартуулардын тизмеси:
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
Соцфонд | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
ӨЭЖПМК | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
ММБФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
Токой агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги |
Экотехинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
ББТ | - | Бирдиктүү бажы тарифи |
СИН | - | салык төлөөчүнүн идентификациялык номери. |
5-тиркеме
АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК СТАТИСТИКАЛЫК ОТЧЕТТУУЛУК "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык |
| АДМИНИСТРАТИВНАЯ СТАТИСТИЧЕСКАЯ ОТЧЕТНОСТЬ в соответствии с Законом Кыргызской Республики "О государственной статистике" |
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
Купуялык кепилденет | Конфиденциальность гарантируется |
Маалыматтарды берүү тартибин, мөөнөтүн бузуу, аны бурмалоо, купуялыгын сактабоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартууга алып келет | Нарушение порядка, сроков представления информации, ее искажение и несоблюдение конфиденциальности влечет ответственность, установленную законодательством Кыргызской Республики |
№ 4-КТАД формасы | Форма N 4-ИПДО | 6034074 |
ГКУД
Почталык-жылдык | Почтовая-годовая | 6034074 |
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен макулдашылды 20__-жылдын "__" _________ | Согласована с Национальным статистическим комитетом Кыргызской Республики "__" ________ 20__года |