Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 1-сентябрындагы №181

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөргүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мурда кабыл алган чечимдерди өркүндөтүү жана колдонуунун натыйжалуулугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы № 104 «Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө» токтому менен кабыл алынган Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«- Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан тургундарына турак үйлөрүн куруу жана калыбына келтирүү үчүн процентсиз узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларды белгиленген тартипте берүүгө;».

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы № 147 «Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонд, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонддун каражаттарынын чыгымдалышын контролдоо боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө» токтому менен бекитилген Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонд жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

III бөлүмдүн аталышы «каражаттарын» деген сөздөн кийин «каржылоо жана» деген сөздөр менен толукталсын, андан ары текст боюнча;

III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:

«4-1. Программаны Мамлекеттик дирекция Каржылоо планына жана чыгымдардын сметасына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, анын ичинде Атайын фонддун «Имараттар жана курулмалар» аттуу 3111-беренесинде жана «Кредиттер, ссудалар жана займдар» аттуу 3214-беренесинде каралган донордук каражаттардын эсебинен ишке ашырат.

Мамлекеттик дирекцияны каржылоо бюджеттик каражаттардын эсебинен Каржылоо планына жана чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык «Имараттар жана курулмалар» аттуу 3111-берене боюнча жүргүзүлөт. Бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчиликти Мамлекеттик дирекция тартат.»;

7-пункттагы «чыгымдардын бюджеттик классификациясында кабыл алынган түзүмүндөгү чыгымдардын беренелери жана» деген сөздөр алып салынсын;

16-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«16. Казыналыктын системасындагы акча каражаттарын эсепке алуу жана отчёт берүү чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык «Имараттар жана курулмалар» аттуу 3111 - берене боюнча Мамлекеттик дирекциянын бюджеттик эсебинде жана чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык «Имараттар жана курулмалар» аттуу 3111-берене жана «Кредиттер, ссудалар жана займдар» аттуу 3214-берене боюнча Атайын фонддун бюджеттик жана атайын эсептеринде казыналык белгиленген жол-жоболорго ылайык жүргүзүлөт. Жабыр тарткан адамдарга кайтарымсыз субсидия берилген учурда «Кредиттер, ссудалар жана займдар» аттуу 3214-беренедеги каражаттар «Финансылык эмес жеке ишканаларга, ишкерлерге жана калкка субсидиялар» аттуу өзүнчө 2521-беренеге бөлүнөт.».

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-августундагы № 150 «Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууда конкурстук арыздарды берүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча тендердик комиссиянын курамы тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын;

- 3-пункттагы «Мамкурулуш ТЖКБсына» деген сөздөр «Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияга» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 5-пункттагы «өкмөттүк эмес уюмдун өкүлү» деген сөздөр «өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү» деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева