Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 360 токтомуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 28-сентябры № 215
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы «Көмүр» мамлекеттик ишканасы жөнүндө
«Кара-Кече» көмүр кенинин Борбордук участогун иштетүүнү мамлекеттик колдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы № 89 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы «Көмүр» мамлекеттик ишканасынын тиркелген Уставы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы «Көмүр» мамлекеттик ишканасын мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн.
3. «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 721 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин башкаруу схемасына төмөнкүдөй мазмундагы толуктоо киргизилсин:
«Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы «Көмүр» Мамлекеттик ишканасы».
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы № 215 токтому менен бекитилди |
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы «Көмүр» Мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлдү жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы «Көмүр» мамлекеттик ишканасынын иштерин жөнгө салат.
2. Ишкана өз иштеринде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ишкананын уюмдаштыруучусу болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине (мындан ары - Министрлик) түздөн-түз баш ийүүдө турат.
Министрлик Ишкананын иштерин жалпы жетектөөнү жана координациялоону жүзөгө ашырат.
4. Ишкана өз алдынча теңдемге ээ, чарба жүргүзүү укугуна негизденген мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук-укуктук таризинде аракеттенүүчү юридикалык жак болуп саналат, обочолонтулган мүлккө ээ болот жана өз иштерин өзүн өзү актоо негизинде жүзөгө ашырат.
Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда берилген мүлктүн ээси болуп саналбайт.
5. Ишкана бурчмөөргө, өз аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жасылган мөөргө, ошондой эле бланктарга жана башка өздүк белгилерге ээ болот.
Ишкана өз иштерин мыйзамдардын талаптарына жана ушул Уставга ылайык жүзөгө ашырат.
6. Ишкананын толук расмий аталышы:
кыргыз тилинде: Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы «Көмүр» мамлекеттик ишканасы;
орус тилинде: Государственное предприятие «Көмүр» при Министерстве энергетики Кыргызской Республики.
Ишкананын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаева көч., 119.