Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2012-жылдын 30-августундагы № 600 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 21-октябры №254

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №164 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментин материалдык-финансылык камсыздоону тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №164 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:

"2-1. Турак жай-жарандык курулуш департаментин кармоо үчүн каражаттар каржыланган сумманын 2,9 проценти өлчөмүндө "Табигый кырсыктардын кесепетин жоюу боюнча иш-чаралар" беренеси боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардан каралат.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

"Эркин Тоо" газетасында 2010-жылдын 26-октябрында № 100 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева