Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 5-ноябрындагы № 719 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2010-жылдын 25-ноябры №299

Камсыздандыруу келишиминдеги айрым коркунучтар боюнча жоопкерчиликтин максималдуу көлөмүн белгилөө жөнүндө

"Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, камсыздандыруу кызматтарынын рыногун натыйжалуу өнүктүрүү, камсыздандырылгандардын укуктарын коргоо жана камсыздандыруучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө кепилдик берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Камсыздандыруу келишиминдеги айрым коркунучтар боюнча жоопкерчиликтин максималдуу көлөмү өздүк каражаттарынын суммасынан 20 проценттен ашпай тургандыгы белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2002-жылдын 22-январында катталган, каттоо номери 5-02 болгон Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2002-жылдын 2-январындагы N П-1 "Камсыздандыруу келишиминдеги айрым коркунучтар боюнча жоопкерчиликтин максималдуу көлөмүн белгилөө жөнүндө" буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева