Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 5-июнундагы № 398
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2010-жылдын 7-декабры №308
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы
№ 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы
зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо
көрсөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы №377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4, 6 жана 7-пункттарындагы "жана социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр "ишке орноштуруу жана миграция" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
"Нарын облусу" деген бөлүмүндө:
- "Нарын району" бөлүмчөсүнүн "Райондук коэффициент" деген графасында:
37-пунктундагы "1,20" деген сан "1,30" деген санга алмаштырылсын;
"Ош облусу" бөлүмүндө:
- "Чоң-Алай району" бөлүмчөсүнүн "Райондук коэффициент" деген графасында: