Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 8-декабры № 311
Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 24-марты № 151, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-июлундагы № 457 «Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтердин формаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтердин Кыргыз Республикасы үчүн бирдиктүү формасы ушул токтомдун 1, 2, 3 жана 4-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин 2005-жылдын 21-ноябрындагы № 176 «Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди түзүүнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө» нускаманы бекитүү тууралуу» буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 311 токтому менен бекитилген |
Жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана берүү тартиби тууралуу жобо
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 24-марты № 151, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана берүү тартиби тууралуу бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан, жеке жана юридикалык жактарга жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерди (мындан ары - укук күбөлөндүрүүчү документтер) тариздөө жана берүү тартибин белгилейт.
2. Жер участогун менчикке же пайдаланууга берүүдө укук күбөлөндүрүүчү документтер болуп саналат:
- жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт;
- жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) тууралуу мамлекеттик акт;
- жер участогун убактылуу пайдаланууга укук берген күбөлүк же ижара келишими;
- жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу күбөлүк.
3. Жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт короо-жай, бакча-дачалык жер участокторуна, турак жана дачалык үйлөрдү курууга бөлүнгөн, турак жана дачалык үйлөргө бекитилген, имараттары жана курулмалары менен менчиктештирилген, анын ичинен соодалашып сатып алынган жер участокторуна менчик укугун алган жеке жана юридикалык жактарга берилет.
Жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт укук бекитүүчү документтердин негизинде, башкача айтканда сатып алуу-сатуу, белек кылуу, жер участогун алмашуу келишимдеринин, соттун чечиминин, жер участогун менчикке берүү тууралуу ыйгарым укуктуу органдын (жергиликтүү мамлекеттик администрация, ыйгарым укуктуу органдын токтому) токтомунун негизинде, ошондой эле имаратты, курулманы, имарат ичин менчикке өткөрүү тууралуу менчиктештирилген документтердин (күбөлүк же атайын ыйгарым укуктуу органдын чечими) негизинде берилет.
Ошондой эле Жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт тийиштүү райондун, шаардын административдик чегиндеги жер участогуна таризделет.
4. Жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугу тууралуу мамлекеттик акт жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга берүү тууралуу ыйгарым укуктуу органдын токтомунун негизинде мүлк чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга берилет.
5. Жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүк мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу жана/же ижара келишими тууралуу ыйгарым укуктуу органдын (жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы) токтомунун негизинде жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган жеке жана юридикалык жактарга берилет.
6. Жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу күбөлүк жеке адамга жер үлүшүн берүүдө жана тариздөөдө төмөнкү учурларда берилет:
- Жер кодекси ишке киргенден кийин жер үлүштөрүн алган жарандарга;
- кат жүзүндөгү арыздын негизинде, жер үлүшүн пайдалануу укугуна мурда берилген Күбөлүктү жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу Күбөлүккө өз эрки менен алмаштырууну каалаган жер үлүштөрүнүн ээлерине;
- жарабай калгандардын, жоголгондордун ордуна (дубликат катары);
- жер үлүшүнө бүтүм бекитүүдө жер үлүшүнүн жаңы ээсине;
- ар тараптуу укук алуучулук тартибинде жер үлүшүнө укук өткөрүп берүүдө;
- мурастоонун натыйжасында жер үлүшүнө укук өткөрүүдө.
(Сегизинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-мартындагы № 151 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары (мындан ары - жергиликтүү каттоо органы) укук күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнү жана берүүнү ишке ашырат.
Укук күбөлөндүрүүчү документтердин бланктары так отчеттуулук документ болуп саналат.
8. Укук бекитүүчү документтердин жараксыздыгы тууралуу сот органынын чечими кабыл алынганда жер участогуна укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу жергиликтүү каттоо органынын буйругу менен ишке ашат.
9. Жер участогуна укук күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана берүү боюнча кызматтарга акы төлөнөт жана белгиленген тартипте бекитилген ченемдерге жана бааларга ылайык аткарылат.
Жергиликтүү каттоо органы тарабынан жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо маселелерин жөнгө салган ыйгарым укуктуу орган аныктаган жана монополияга каршы орган менен макулдашылган мөөнөттө укук күбөлөндүрүүчү документтер арыз ээсине берилет.
10. Бөлүнбөгөн жана жалпы пайдалануудагы жер участокторуна анын бөлүнбөгөндүгүн жана жалпы пайдаланууда тургандыгын көрсөтүү менен тийиштүү укук күбөлөндүрүүчү документтер берилет.
11. Жер участогун бөлүүдө же кошууда жергиликтүү каттоо органы тарабынан жер участогун бөлүү же кошуу долбооруна ылайык укук күбөлөндүрүүчү документ берилет.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 24-марты № 151 токтомдун редакциясына ылайык)
2. Тариздөөнүн тартиби
12. Укук күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөдө жеке же юридикалык жак арызы жана толук укук ырастоочу документтери менен жергиликтүү каттоо органына кайрылат.
13. Убактылуу пайдаланууга жер участогун берүү мөөнөтү тийиштүү документте көрсөтүлөт.
14. Укук күбөлөндүрүүчү документтер жеринде түзүлөт, анткени ал укук күбөлөндүрүүчү документтерди түзүү боюнча кийинки иштерге негиз болуп саналат.
141. Жер участогунун иш жүзүндөгү аянты укук белгилөөчү документте көрсөтүлгөн аянт менен дал келбегендиги аныкталганда, эгерде арыз ээси укук белгилөөчү документтеги аянттан аз жер участогунун иш жүзүндөгү аянты менен макул болсо, анда арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жер участогунун иш жүзүндөгү аянтын көрсөтүү менен укук күбөлөндүрүүчү документ таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Укук күбөлөндүрүүчү документтер жер участокторун берүү боюнча делонун негизинде мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада толтурулат жана жергиликтүү каттоо органынын башчысы кол коет.
Делонун курамына жер участогунун чектери аныкталган кадастрдык план кирет. Жер участогунун кадастрдык планына чектеш жер пайдалануучулар же жер участокторунун ээлери киргизилүүгө тийиш.
16. Укук күбөлөндүрүүчү документтерде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- экинчи бетинде:
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укук ырастоочу документинин аталышы, күнү, номери жана жер ээсинин же жер пайдалануучунун аты;
жер участогунун жалпы аянты, анын ичинен жерлердин түрлөрүн көрсөтүү менен аянты
жер пайдалануунун категориясы жана максаттуу багыты;
Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде кыймылсыз мүлк бирдигине укуктардын катталган күнү жана номери;
жергиликтүү каттоо органынын аталышы;
жер участогунун ээсинин же пайдалануучунун аты;
- укук күбөлөндүрүүчү документтин үчүнчү бетинде:
таблицанын биринчи графасына пландык-картографиялык материалда көрсөтүлгөн участоктун номери, башкача айтканда контурдун номери жазылат;
экинчи графага жер участогунун бирдейлештирилген номери, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын аймагында кайталанбаган бирдейлештирилген код (каттоо номерлеринин жыйындысы) жазылат;
үчүнчү графага жер участогунун жайгашкан жери - калктуу конуштарда так почта дареги жазылат. Кыймылсыз мүлк бирдигинин почта дареги өзгөргөндө, укук күбөлөндүрүүчү документ алмаштырылбайт, мында эски почта дареги чийип салынат жана жаңы почта дарегин ыйгаруу менен жазуу жазылат, ал мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
Чектер чектешкен чарбалык субъекттердин чектери боюнча тамгалар менен белгиленет жана жер кадастры боюнча иштерди жүргүзгөн жергиликтүү каттоо органынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнүн аткаруучусу тарабынан кол коюлат (анын ичинде укуктарды күбөлөндүрүүчү документтин архивдик нускасына жергиликтүү каттоо органынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнүн башчысы менен картографы кол коёт);
- төртүнчү бетинде:
алдыңкы сол бурчунда көрсөтүлгөн тийиштүү өлчөмдөгү план чийилет;
аралыктар метр менен, чектердин багыты жана бурулуш чекиттер көрсөтүлөт;
жер участогунун аянты;
жер участогунун чегинин бурулуш чекиттеринин номерлери;
- бешинчи бетине түшүрүлүүгө тийиш:
жер кадастры боюнча ишти жүзөгө ашырган жергиликтүү каттоо органынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн аткаруучусунун колу коюлуучу бөлүнүп берилген участокту көрсөтүү менен кырдаалдык план. Эгерде кырдаалдык планды өлчөм боюнча түшүрүү мүмкүнчүлүгү болбосо, анда бир бурчтук чекитти үчтөн кем эмес чекитке байлаштыруу жүргүзүлөт. Андан сырткары, кырдаалдык планда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- кургак үлүш чектери болуп саналган бардык сызыктар;
- суулар, көлдөр, каналдар, жолдор, тосмолор, токой тилкелери жана бекитилген участоктун чектери болуп саналган жерлердин башка элементтери.
Эгерде тиешелүү масштабдагы бир нече участоктордон турган бекитилүүчү аянттарды бир планга жайгаштырууга мүмкүн болбосо, анда бир каттоо зонасынын идентификациялык коддорун көрсөтүү менен жер участокторунун кошумча пландары чийилет; мында кошумча барактар укукту күбөлөндүрүүчү документтин сериялык номерин көрсөтүү менен жергиликтүү каттоо органынын жетекчисинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүүчү бир укук күбөлөндүрүүчү документте болушу мүмкүн.
Эгерде бекитилген аянт бир нече участоктордон турса, анда пландардын саны участоктордун санына карата болот;
- жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу күбөлүктүн алтынчы бетиндеги «Жер участогуна менчик укугу» бөлүмүндө:
биринчи графага катар саны боюнча номерлер жазылат;
экинчи графага жер үлүштөрүнүн менчик ээлеринин аттары толтурулат;
үчүнчү графада ар бир менчик ээсинин жер үлүшүнүн аянты көрсөтүлөт;
төртүнчү графада - менчик ээсинин жер үлүшүнө болгон укугун каттаган каттоочунун аты-жөнү жана колу;
бешинчи графада - жергиликтүү каттоо органында жүргүзүлгөн жер үлүшүнө менчик укугун каттоо, токтотуу күнү;
алтынчы графада - жер үлүшүнө болгон укукту токтотууну каттаган каттоочунун аты-жөнү жана колу;
жетинчи графада эскертүүлөр тууралуу жазуу жүргүзүлөт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 24-марты № 151, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
17. Пландын көлөмү жер участогунун өлчөмүнө жана конфигурациясына карата жана анда жер участогунун чегинин бардык бурулуш чекиттерин көрсөтүүгө мүмкүн болгондой эсеп менен тандалат.
Чектер жерге жайгаштырууда кабыл алынган шарттуу белгилерди сактоо менен чийилет. Актыдагы бардык жазуулар ачык жана так болууга тийиш.
Шашылыш жазылган жана так эмес ариптерге, ошондой эле оңдоолорго жол берилбейт.
18. Жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыдагы «Жер участогуна болгон укук менен жүргүзүлгөн бүтүмдөр» бөлүмүн жана жер участогун убактылуу пайдалануу укугу тууралуу күбөлүктөгү «Жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугуна жүргүзүлгөн бүтүмдөр» бөлүмүн толтуруу тийиштүү укук ырастоочу документтердин (сатып алуу-сатуу, алмашуу, мурастоо келишимдери ж.б.) негизинде жер участогуна жарандык-укуктук бүтүм бекитүүнүн натыйжасында жер участогуна укукту өткөрүүдө ишке ашат.
Биринчи графага пландык-картографиялык материалдагы жер участогунун номери жазылат (контурдун номери);
экинчи графага жаңы жер ээсинин (жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыда) жана жаңы жер пайдалануучунун (жер участогун убактылуу пайдаланууга укук берген күбөлүктө) аты толтурулат;
үчүнчү графада бүтүм жүргүзүлгөндүгү тууралуу документтин аты, күнү жана номери көрсөтүлөт;
төртүнчү графада - жергиликтүү каттоо органында жүргүзүлгөн каттоо күнү;
бешинчи графада - жер ээсинин же жер пайдалануучунун жер участогуна болгон укугун каттаган каттоочунун аты-жөнү жана колу;
алтынчы графага эскертүүлөр тууралуу жазуу жүргүзүлөт.
19. «Жер участогуна болгон менчик укугуна чектөөлөр» бөлүмүн толтуруу:
биринчи графага катар саны боюнча номерлер жазылат;
экинчи графада чектөөнүн түрү көрсөтүлөт (сервитут, күрөө ж.б.);
үчүнчү графада чектөө койгон документтин аталышы көрсөтүлөт;
төртүнчү графага укук чектөө катталган күн жазылат;
бешинчи графада укук чектөөнү каттаган каттоочунун аты-жөнү көрсөтүлөт;
алтынчы графада күнүн, айын жана жылын көрсөтүү менен чектөөнү токтоткон документтин аталышы көрсөтүлөт;
жетинчи графада чектөө токтотулган күн, ай жана жыл көрсөтүлөт;
сегизинчи графада укук чектөөнүн токтотулушун каттаган каттоочунун аты-жөнү көрсөтүлүп, анын колу коюлат.
Жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтин акыркы барагындагы түзүү датасы жер кадастры боюнча ишти жүзөгө ашырган жергиликтүү каттоо органынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн аткаруучусу тарабынан толтурулат.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 24-марты № 151 токтомдун редакциясына ылайык)
19-1. Эгерде берилген документтер ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга шайкеш келбесе жерге жайгаштыруу иштерин жана жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөдөн баш тартылышы мүмкүн.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 24-марты № 151 токтомдун редакциясына ылайык)
19-2. Жерге жайгаштыруу иштерин жана жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөдөн баш тартылган учурда, арыз ээсине баш тартуунун себептери жөнүндө кабарландыруу жиберилет. Кабарландыруунун бир нускасы кыймылсыз мүлктүн ушул бирдигине мурда ачылган каттоо ишине тиркелет.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 24-марты № 151 токтомдун редакциясына ылайык)
19-3. Жерге жайгаштыруу иштерин жана жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөдөн баш тартуу мамлекеттик каттоонун жогорку органында же сотто даттанылышы мүмкүн.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 24-марты № 151 токтомдун редакциясына ылайык)
194. Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык кошумча документтерди берүү зарылчылыгы келип чыккан учурда жер кадастры боюнча ишти жүзөгө ашырган жергиликтүү каттоо органынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнүн аткаруучусу жерге жайгаштыруу иштерин жана жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнү 30 күнгө чейинки мөөнөткө токтотот жана жетишпеген документтерди же болбосо карама-каршылыктардын жоюлгандыгын тастыктаган документтерди арыз ээсине билдирилген күндөн тартып 30 күндүн ичинде берүү зарылдыгы тууралуу жергиликтүү каттоо органынын жетекчисинин колу коюлган белгиленген формадагы бланкта арыз ээсине билдирет.
Эгерде арыз ээси билдирилген күндөн тартып 30 күндүн ичинде зарыл документтерди бербесе, анда жерге жайгаштыруу иштерин жана жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөдөн баш тартылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Берүү тартиби
20. Укук күбөлөндүрүүчү документтин биринчи нускасы жер ээсине, жер участогун пайдалануучуга берилет, экинчиси - жергиликтүү каттоо органында сакталат.
21. Укук күбөлөндүрүүчү документтерди берүү жер участогунун жайгашкан жери боюнча жергиликтүү каттоо органында ишке ашат.
22. Укук күбөлөндүрүүчү документтерди берүүдө жер ээси же жер участогун пайдалануучу пайдалануу укугуна укук күбөлөндүрүүчү документтерди жазуу китебине документтерди алгандыгы тууралуу кол коет.
Документтер бузулган учурда бланкты жокко чыгаруу тууралуу акт түзүлүп, сактоо үчүн жергиликтүү каттоо органынын архивине тапшырылат. Муну менен катар эле жер участогуна укук күбөлөндүрүүчү документтерди эсепке алуу журналына бузулгандыгы жана жокко чыгарылгандыгы тууралуу белгиленет.
Укукту күбөлөндүрүүчү документтердин эсептен чыгарылган бланктары он жылдан кийин жок кылынат. Мында актылар жергиликтүү каттоо органында сакталышы керек.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 24-марты № 151 токтомдун редакциясына ылайык)
23. Так отчеттуулук бланктарын анализдөө жана эсепке алууну жүргүзүү максатында укук күбөлөндүрүүчү документтердин таза бланктарын башка жергиликтүү каттоо органына же жеке адамга берүүгө жана сатууга тыюу салынат.
24. Бланктарды эсепке алуу жергиликтүү каттоо органы тарабынан жүргүзүлөт.
24-1. Жер участогун бөлүүдө же кошууда мурда берилген жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документ жергиликтүү каттоо органына берилет жана жерге жайгаштыруу ишине тиркелет.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 24-марты № 151 токтомдун редакциясына ылайык)
25. Жер үлүшүн пайдалануу укугуна мурда берилген күбөлүктөргө жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу күбөлүктүн статусун берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 9-августундагы № 432 «Кыргыз Республикасында жер үлүшүн пайдалануу укугуна күбөлүктөрдү берүүнүн абалы жөнүндө» токтомуна ылайык штамп коюлат.
26. Жер участогуна укук күбөлөндүрүүчү документтин түп нускасы жоголгон учурда жергиликтүү каттоо органы тарабынан дубликат берилет.
27. Дубликат алуу үчүн жеке жана юридикалык жактар укук күбөлөндүрүүчү документти берген жергиликтүү каттоо органына дубликат алуу тууралуу арызын жана «Кыргыз Туусу», «Слово Кыргызстана», «Эркин-Тоо» гезиттеринин бирине жарыяланган жоголгон укук күбөлөндүрүүчү документтин жараксыздыгы тууралуу жарыяны берет.
28. Жергиликтүү каттоо органы арыз кабыл алынып жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялангандан кийин жети жумуш күндүн ичинде укук күбөлөндүрүүчү документтин дубликатын тариздөөнү жүргүзөт. Укук күбөлөндүрүүчү документтин дубликатынын эки нускасынын тең биринчи бетине дубликаттын берилген күнүн көрсөтүү менен жергиликтүү каттоо органынын бурч мөөрү коюлат жана жоголгон укук күбөлөндүрүүчү документтин номери, берилген күнү жазылат.
29. Жоголгон укук күбөлөндүрүүчү документтин экинчи нускасы, аны жараксыз деп табуу тууралуу жарыя кыймылсыз мүлк бирдиги боюнча архивдик делого тиркелет. Муну менен катар эле экинчи нускага анын жараксыздыгы жана берилген дубликаттын номерин жана берилген күнүн көрсөтүү менен дубликат берилгендиги тууралуу белги коюлат.
30. Укук күбөлөндүрүүчү документтин дубликатын тариздөөдө жер участогуна укук күбөлөндүрүүчү документти толтуруу боюнча иштердин баасы жергиликтүү каттоо органдары аткарган иштердин бааларына ылайык алынат.
31. Укук күбөлөндүрүүчү документтердин жана алардын дубликаттарынын туура түзүлүшүнө жергиликтүү каттоо органынын жетекчиси, жер кадастры боюнча иштерди аткарган жергиликтүү каттоо органынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнүн аткаруучусу жооп берет.
1-тиркеме
Приложение 1
Жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө
мамлекеттик акт
Государственный акт
о праве частной собственности на земельный участок
Ушул акт планда көрсөтүлгөн аянты ________________________________анын ичинен _________________________________________
____________________________________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________ ______ жер участогу(на) _______________________________
____________________________________________________________________________________________________________________
(укук берүүчү документтин аталышы, жылы, номери)
________________________________________негизинде ушул укук ________________________________ райондук (шаардык) жергиликтүү каттоо органында, Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде _______-жылдын «__» ___________ № ______ менен катталган, ___________________________________________
(менчик ээсинин аты)
______________________________________________________________________________ жеке менчигине таандык экендигин аныктайт.
Жер участогунун(торунун) максаттык багыты
_____________________________________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________________________
Настоящим актом подтверждается, что право частной собственности на земельный(е) участок(и), указанный(е) в плане, площадью ____________, из них _____________________________ ____________ _________________________________________________ на основании
(наименование, номер
_____________________________________________________________________________________________________________
и дата правоустанавливающего документа)
______________________________________________________________________, зарегистрированного «__» ________ 20__ года за № _______ в Едином государственном реестре прав на недвижимое имущество в ____________________ районном (городском) местном регистрационном органе, принадлежит ______ _________________________________________________________________________________
(наименование собственника)
_______________________________________________________________________________________________________________________
Целевое назначение земельного(ых) участка(ов)
______________________________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________
Участоктордун пландагы номери
Номера участков в плане | Идентификациялык номери
Идентификационный номер | Жайгашкан жери (дареги)
Место расположения (адрес) |
| ||
| ||
| ||
| ||
Чектештердин баяндамасы:
Описание смежеств:
______________________________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________
Жергиликтүү каттоо органдын аткаруучусу
Исполнитель местного регистрационного органа __________________________________________
(аты-жөнү, колу) (Ф.И.О., подпись)
Жер участогунун
планы
План
земельного участка
Масштабы
Масштаб 1: ____________
Жер участогун байлаштыруу
Привязка земельного участка
(кырдаалдык планы) (ситуационный план)
Жергиликтүү каттоо органдын аткаруучусу
Исполнитель местного регистрационного органа __________________________________________
(аты-жөнү, колу) (Ф.И.О., подпись)
Участоктун идентификациялык номери
Идентификационный номер участка ________________________________
Жер участогуна болгон укук менен жүргүзүлгөн бүтүмдөр
Сделки, совершаемые с правом на земельные участки
Жер участогунун №
№ земельного участка | Менчик ээсинин аты
Наименование собственника | Жер участогуна болгон укук менен жүргүзүлгөн бүтүм жөнүндө документ
Документ о совершении сделки с правом на земельный участок | Мамлекеттик каттоодон өткөн күнү
Дата государственной регистрации | Каттоочунун аты-жөнү жана колу
Ф.И.О. и подпись регистратора | Эскертүү
Примечание |
| |||||
| |||||
| |||||
| |||||
| |||||
20 строк
20 сап
Участоктун идентификациялык номери
Идентификационный номер участка ________________
Жер участкасына менчик укугун чектөө
Ограничение права собственности на земельный участок
№ | Чектөөнүн түрлөрү | Чектөөгө документ | Чектөө укугу катталган датасы | Каттоочунун аты-жөнү жана колу | Чектөө токтотулгандыгы жөнүндөгү документ | Чектөө токтотулган датасы
| Каттоочунун аты-жөнү жана колу |
№ | Вид ограничения | Документ на ограничение | Дата регистрации ограничения права | Ф.И.О. и подпись регистратора
| Документ о прекращении ограничения | Дата прекращения ограничения | Ф.И.О. и подпись регистратора |
| |||||||
| |||||||
| |||||||
| |||||||
| |||||||
Бул мамлекеттик акт эки нускада түзүлдү: анын биринчи нускасы жер участогунун ээсинде, экинчи нускасы __________________ райондук (шаардык) жергиликтүү каттоо органында сакталат.
Настоящий государственный акт составлен в двух экземплярах: первый экземпляр находится у собственника земельного участка, второй - хранится в местном регистрационном органе ____________________________ района (города).
Жергиликтүү каттоо органдын жетекчиси
Руководитель местного регистрационного органа __________________________________________
(аты-жөнү, колу) (Ф.И.О., подпись)
Берилген күнү
Дата выдачи «__» _________ 20__-жыл
года
2-тиркеме
Приложение 2
Жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөгөн) пайдалануу укугу жөнүндө
мамлекеттик акт
Государственный акт
о праве бессрочного (без указания срока) пользования земельным участком
Ушул акт планда көрсөтүлгөн, аянты _________________________________________________________________________ жер участогу(на)
_______________________________________________________________________________________________________________________
(укук берүүчү документтин аталышы, номери, күнү)
_______________________________________________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________________________________________
негизинде ушул жерди мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөгөн) пайдалануу укугу _________ ________________________________________ райондук (шаардык) жергиликтүү каттоо органында, Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде 20__-жылдын «__»________ № ____ менен катталган жана ____________________________________________________________________________________
(жер пайдалануучунун аталышы)
______________________________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________
(пайдалануу багыты)
мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөгөн) пайдаланууга берилгендигин аныктайт.
Настоящим актом подтверждается, что земельный(ые) участок(ки), указанный(ые) в плане, площадью ___________________, из них
_______________________________________________________________________________________________________________________
на основании ___________________________________________________________________________________________________________
(наименование, номер и
______________________________________________________________________________________________________________________
дата правоустанавливающего документа)
___________________________________________ зарегистрированного»__»________ 20__ года за № ____ в Едином государственном реестре прав на недвижимое имущество в местном регистрационном органе ________________________________________________________
района (города) предоставлены ___________________________________________________________________________________________
(наименование землепользователя)
________________________________ в бессрочное (без указания срока) пользование, для (под) _______ ______________________________
(целевое назначение)
Участоктордун пландагы номери
Номера участков в плане | Идентификациялык номери
Идентификационный номер | Жайгашкан жери (дареги)
Место расположения (адрес) |
| ||
| ||
| ||
| ||
| ||
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 8-декабры № 311
Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 24-марты № 151, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294, 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин 2005-жылдын 21-ноябрындагы № 176 «Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди түзүүнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө» нускаманы бекитүү тууралуу» буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 19-майындагы № 353
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 311 токтому менен бекитилген |
Жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана берүү тартиби тууралуу жобо